Анжеланын тузагына Райым Матраимов илинбей калды. Эми эмне болот?

Билермандардын баамында, бүйүр кызыткан кептер алдыда экен. Анжела тымызын фейктер менен иштегени, атайын Райым Матраимовго өзүн жабыштыруу менен “кайырмак” ыргытканы тар чөйрөдө талкуу жаратты. “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” деген логика менен кете берсек, анда иш жүзүнө ашпаган көрүнүштөрдү “жасалмалуу чындыкка” айланткан болобузбу? Мындай болбойт эй!
Акыркы кезде соцтармактарда фейк аккаунттар Анжела менен РМдин “мамиле” кылышканын жазышууда. Бул карандай калп болсо да көпчүлүк өзүн алаксытуу үчүн окуп кое беришет тура. Тилекке каршы, бойдок ырчы дайыма хайп жасаганга кызыкдар экени белгилүү. Ал Кыргызстандагы белдүү эркектерди сыдыра карап, иликтеп, каарманыбызды “тузакка” илүүгө иштеп атканын байкадык. Улам бир капчыктууларды сызга отургузганга көнүп алган ырчынын жоругуна эрксизден жылмаясың. Ал купуя иштерди ачыкка чыгаруу жагынан да пиар жасайт. Коомчулукка таңуулайт. Буга чейин бир канча эркектер менен чер жазганы, алардын сүрөттөрүн атайылап интернетке таратканын көрүп эле келдик да. Башкалардын түбүнө жетип, эми РМге ачык эле жабышканы, коомчулук астында ар кандай түкшүмөлдөрдү жаратканы кандай? Уятты ойлобойбу? Же карантинде тамаша таризинде эле кабылдап коелубу?..
Баса, башка жагынан сокку уруу жарашпай калып, натыйжада, РМди шоу-бизнеске жабыштырып, ар кандай айыптоолорду жазышууда. Суу кечпесе да “кечиришет” экен го чиркиндер! Эмне кылыш керек? Райым мырзадан сурап көрөлү, балким бул тармакка пикирин билдирип жүрбөсүн?..
Эрмек Бектурганов
Aryba.kg