Кумар оюнуна берилип кетип, аялымдан ажырап калдым

Жубайым экөөбүз ата-энем алып берген бир бөлмөлүү батирде жашачубуз. Жашообуз жөнөкөй болсо да келечектен үмүт кылып, жаңы үй алууну кыялданып жүрдүк. Аялым “максатыбыз ишке ашсын” деп күнү-түнү эки жерде иштеп, болгон күчүн жумшачу. Мен болсо "жеңил жол менен байып кетем" деген үмүт менен кумар оюндарына аралашып кеттим. Ар бир жолу "бул акыркы жолу" деп өзүмдү сооротуп, бирок улам чоңураак суммаларды уттуруп, акыры кредиттерге батып, үйдү да күрөөгө коюп жибердим. Ичимден “эми утам, мына буйрук келет” деп үмүт үзбөй, өзүмдү жегенден башка эч нерсе кыла алган жокмун.
Көп узабай бул сыр ачылды. Аялым баарын билип, ата-энеме айтты, андан соң төркүнүнө кете берди. Апам мени дарыланууга көндүрүүгө аракет кылып, аялымдан дагы бир мүмкүнчүлүк берүүсүн суранды. Бирок ал ишенген жок. Жөн эле кетпестен, биротоло кетти. Ошол учур мен үчүн эң караңгы мезгил болду.
Жалгыз калдым. Үйүм жок. Бир таанышымдын эски гаражында жашап жүрдүм. Апам мени үйгө чакырды, бирок атам катуу жинденди. Бул учурда көзүнө көрүнбөй жүрүү оң эле. Карындашымдыкына барганга дитим барбады, анын өз үй-бүлөсү бар эле, ал жактан деле жылуу сөз күткөн жокмун.
Жумушта түнөп жүргөнүмдү жетекчим байкап калды. "Эми жумуштан да айдалам го" деп жүрөгүм дүкүлдөдү. Бирок ал күтүүсүз түрдө мени жаман көрбөй, тескерисинче, ишеним артты. Кошумча жумуш таап берип, психологго да жаздырды. Башында аябай оор болду. Бирок дал ошол жат адамдын ишеними менен кайдыгер эмес мамилеси мени өзгөрттү. Андан уялып, өзүмдү карманып, жашоону башынан баштоого аракет кылдым.
Мына эми ошол күндөрдөн бери алты жыл өтүптүр. Карыздарымдын баарын төлөдүм. Азыр ата-энем менен жашайм, үйлөнгөн жокмун. Мурунку аялым азыр жаңы турмуш курган, эки баласы бар. Кээде сагынам, сүйөм, жүрөгүм сыздайт. Бирок ошол эле учурда мени эң оор учурда жалгыз таштап кеткенин эстеп, эми эч качан артка кайтпасымды түшүнөм.
Мен азыр түшүндүм: байлык ийгилик менен гана эмес, чыдамдуулук, мээнет жана сабыр менен келет экен. Бүгүн мен ошону жакшы билем.
Кубат
"Азия Ньюс" гезити