Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азиза Абдирасулова, укук коргоочу: “14 жаштагы баланын өлүмүнө бачабаздык же ур-токмок себеп болдубу?”

Азиза Абдирасулова, укук коргоочу: “14 жаштагы баланын өлүмүнө бачабаздык же ур-токмок себеп болдубу?”

12-октябрь, 00:13
2 506 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Азиза эже, Ноокаттагы медреседе каза болгон 14 жаштагы баланын өлүмүнө айрымдар “бачабаздык себеп болгон” десе, муфтият “үч күнгө дем салдыруу үчүн калган” деген маалымат таратты. Сиз каза болгон өспүрүм ошол медреседе төрт айдан бери окуп жатканын жаздыңыз. Кайсы маалыматка ишенсек болот?

-- Мен жакындарынын айтканын жаздым. Муфтият болсо “ал баланы үч күн дем салдырууга калтырып кеткен экен” деген маалымат берди. Туугандарынын айтымында, каза болгон 14 жаштагы өспүрүм 4 айдан бери ошол жерде окуп жаткан экен. Анын өлүмүнө бачабаздыкпы же ур-токмок себеп болдубу, түн ичинде кароосуз калып, жоопкерчиликтин жоктугунан мушташып, бири-бирин өлтүрүп алдыбы, айтор, мунун баары тергөөдө билинет. Мамлекеттик органдар иликтеп, окуянын чоо-жайын аныктайт деген үмүттөмүн. 

-- Каза болгон балага экспертиза дайындалып, өлүмүнүн себеби аныкталышы керекпи?

-- Албетте, экспертиза дайындалышы керек. Кандай жараттан каза тапканы аныкталып, алган жаратынан башка денесинде зордук-зомбулуктун, ур-соккунун белгилери барбы-жокпу – баары эске алынышы шарт. Ошондой эле баланын буга чейинки ден соолугу кандай эле, медициналык корутундусу барбы? Ата-эне менен медресенин ортосунда кандай келишим болгон? Медресенин ишмердүүлүгү мыйзамга дал келеби? Мына ушул маселенин баарын президентке, УКМКнын төрагасынабашкы прокуратурага жана акыйкатчыга кайрылуу жолдоп, конкреттүү суроолорду койдум. Ошонун баары иликтениши зарыл

Канча жылдан бери балдар-кыздар түндө калып окуган медреселер жабык жай катары каралып, кыйноолордун алдын алуу борбору жана акыйкатчынын өкүлдөрү кабар алып турсун (!) деп аракет кылганыбыз менен ал максатыбызга жете албай жатабыз... 

-Негизи медреселерди мамлекеттик органдар көзөмөлдөшү керекпи же дин мамлекеттен ажыратылган дегени үчүн кийлигишүүгө акысы жокпу?

-Чынында медресе бейөкмөт уюмдардын катарына кирет. Бизди НПО деп жек көрөт го, ал эми диний уюмдар, медреселер дагы бейөкмөт уюмдардын эле бир түрү. Булар дагы НПОлор сыяктуу эле каттоодон өтөт. Ички уставы, жобосу болот. Булардын ишин мамлекеттик дин комиссиясы жөнгө салышы керек. 

Дин мамлекеттен ажыратылган деген сөз мечит менен медресенин ишине кийлигишпеш керек дегенди билдирбейт. Ал эми балдар окуптүндө калып жаткан мекемелер менен мамлекет түздөн-түз иш алып баруусу зарыл. Керек болсо, медреселердин окутуу программалары билим берүү министрлигинин окутуу программаларынын талаптарына дал келиши керек. Болгону дин кошумча багыт катары гана окутулушу шарт. Негизи медреседе окугандар орто мектептин программасынан калбашы керек. Ошондой эле жатып окуган медреселерде жетекчилери жоопкерчиликти сезип, балдарды эч качан жалгыз таштабай, имамдар же башкалары кезектешип күзөттө турушу маанилүүМуну динге каршылык көрсөтүү үчүн эмес, коопсуздук үчүн айтып жатам.

-- Медреселер жабык жай болгону үчүн ушундай кылмыштар орун алып жатабы?

-- Албетте, өлкөбүздө жайгашкан медреселер, айрыкча жаш балдар-кыздар окуган медреселердин көбү жабык жайга айланган. Сырттан бөтөн адам кире албайт. Мамлекеттик органдар тарабынан кандай көзөмөл жүргүзүлгөнү коомчулукка белгисиз. Аныгында, медреседе орун алган кээ бир мыйзамсыз терс көрүнүштөр бар экенин моюнга алганыбыз оң. Бир нече жыл мурун Сузак районунда жайгашкан бир медресенин имамы жаш эркек баланы зордуктоо фактысы менен сот жообуна тартылган. Ошондой эле кылмыш Ош облусунда катталган. Эми медресенин имаратында, түн ичинде 14 жаштагы бала киши колдуу болуп өлтүрүлүп жатат. Кылмышка шектүү 16 жаштагы өспүрүм... Бул кайгылуу факт көптөгөн суроолорду жаратат. Медресенин ичинде, түн ортосунда болгон кылмышка шектүү баладан башка дагы кимдер жоопкер? Муфтият көзөмөл кылабы? Дин комиссиясы, санэпидемстанция текшергенби? Аталган медреседе иштегендердин санитардык китепчеси каралганбы? Балдар, кыздар жаткан бөлмөлөр талапка жооп береби? Ысык суу, муздак суу, мончо барбы? Кийим жууганга шартычы? Идиш-аяктардын тазалыгы талапка туура келеби? Өрт коопсуздугу эске алынганбы? Окуган балдар медресеге кандай тартипте кабыл алынат? Мына ушул суроолорго тергөө кызматы жооп табышы абзел

Бул суроолор бир гана аталган медресеге эмесбаардык жабык медреселерге таандык. Бул кылмышты терең, ар тараптуу иликтөө – мамлекеттин милдети. Түн ичинде, мекеменин ичинде киши колдуу болгон өлүм – оор кылмыш.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер