Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шарапаткан Мажитова: “Бийлик өкүлдөрү иштерин аткарып жатканда, аларга кийлигишкенибиз туура эмес”

Шарапаткан Мажитова: “Бийлик өкүлдөрү иштерин аткарып жатканда, аларга кийлигишкенибиз туура эмес”

28-сентябрь, 09:00
427 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бир топ кесиптештериңиз аскердик агрессия жасаганы үчүн Тажикстандын үстүнөн эл аралык сотко кайрылууну сунуш кылышууда. Мунун процедурасы кандай?

-- Бул үчүн эл аралык ыйгарым укугу бар уюмдар изилдеп, тыянак чыгарып бериши керек, ошондон кийин гана биз аларды эл аралык аренада жоопко тартууга жетише алабыз. Өзүңүздөр билесиздер, тарыхта Нюренберг трибуналы, Токио трибуналы болгон. Ар кандай кылмыштын жоопкерчилиги каралмайынча токтобойт, кайталана берет. Кылмышкер сөзсүз жоопкерчиликке тартылышы, чыгымдарды төлөшү керек. Ошондуктан, биз эл аралык кылмыш сотуна кайрылып, жыйынтык күтүшүбүз кажет.

-- Кечээги окуяларда Жогорку Кеңеш чечкиндүүлүгүн көрсөтө алган жок, эки жолу кезексиз жыйынга чогулуп, бирок бир да чечим кабыл албаганы айтылууда. Буга кандай дейсиз?

-- Жогорку Кеңеш деле кол куушуруп отурган жок. Эки жерде штаб түздү, бир топ депутаттарыбыз жабыркаган элдин арасында жүрүштү. Айтор, баардык аракетин кылып, колдон келген ишин жасап жатат. Бирок, биздин ыйгарым укуктарыбыз, мүмкүнчүлүктөрбүз чектелүү да. Биз мыйзам чыгаруучу, анан көзөмөлдөөчү органбыз. Бийлик өкүлдөрү өз иштерин аткарып жатканда, биз аларга кийлигишкенибиз туура эмес болот. Ошон үчүн оюбузду айтып, сунуштарыбызды гана берип турдук. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер