Акыркы кабарлар
» Коом » Кумтөрдө 300гө чейин жаңы иш орундары ачылат
Кумтөрдө 300гө чейин жаңы иш орундары ачылат
21-июнь, 16:10
1 419 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кумтөр алтын кенинде дагы 300гө чейин жаңы иш орундары ачылат. Ага окуу жайды бүткөн жаш адистер орношот. Ал 2021-жылдын аягына чейин ишке ашат. Бул тууралуу “Кумтөр Голд” компаниясына тыштан башкаруучу болуп дайындалган Тенгиз Бөлтүрүк 21-июнда “Биринчи радиого” курган маегинде айтты.
“Кызматтык кыскартуулар болгон жок. Тескерисинче, иш орундар көбөйөт. Тоо-кен тармагында иштеген тажрыйбалуу адистер керек болуп жатат. Алар Кыргызстандын жараны болушу шарт. Ошондуктан Кумтөргө 200-300 кишини ишке алабыз. Ашпозчу, айдоочулардан баштап инженерлик кызматка чейин 50дөн ашык кесиптин ээлери иштесе болот” деди Бөлтүрүк.
Маалыматка ылайык, ушул тапта Кумтөр алтын кенинде 3500дөн ашык киши иштейт.