Бишкекте «Кыргыздар жана Кыргызстан тарыхындагы ислам» аттуу окуу куралынын бет ачары өттү

2025-жылдын 28-майында Бишкек шаарында, «изилдөөчүлөр Назира Курбанова жана Канатбек Мурзахалилов тарабынан даярдалган «Кыргыздар жана Кыргызстан тарыхындагы ислам» аттуу жаңы окуу-методикалык куралдын расмий бет ачары болуп өттү. Иш-чараны «Караван Инфо» маалымат порталы уюштурду. Бет ачарга мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, окумуштуулар, диний кызматкерлер, көз карандысыз эксперттер жана серепчилер катышты. Бул иш-чара исламдын кыргыз коомундагы ордун жана келечектеги ролун талкуулоо үчүн ачык жана маанилүү аянтча болуп берди.
Аталган окуу куралы магистранттарга, аспиранттарга жана PhD деңгээлиндеги докторанттарга багытталган. Китепте ислам дининин Кыргызстан аймагында таралыш этаптары, анын маданиятка, коомго жана мамлекеттик түзүлүшкө тийгизген таасирлери кеңири изилденип, заманбап чакырыктарды эске алган аналитикалык сунуштар жана мамлекет менен диний институттар ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча практикалык кеңештер берилет.
Иш-чаранын алкагында бир катар маанилүү темалар талкууланды. Алардын катарында: мамлекет менен исламдык уюмдардын өз ара аракеттенүүсүнүн учурдагы модели, Кыргызстандагы диний билим берүүнүн келечеги, КМДБ менен аалымдар кеңешинин институт катары өнүгүүсү, радикалдашуунун алдын алуу чаралары жана диний процесстерди объективдүү чагылдырууда медиа менен илимий чөйрөнүн орду болду. Ошондой эле Россиянын жана Борбор Азия мамлекеттеринин тажрыйбасы каралып, ШКУ өлкөлөрүнүн диний экстремизмдин алдын алуу жаатындагы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү боюнча ойлор айтылды.
Талкуунун жыйынтыгында катышуучулардын сунуштары менен пикирлери топтолуп, мындан аркы биргелешкен иш-аракеттердин багыттары аныкталды. Уюштуруучулар бул иш-чараны мамлекеттик, диний жана академиялык чөйрөлөрдүн ортосундагы терең жана туруктуу диалогду түзүүгө өбөлгө болор ишенимдүү кадам катары баалашты.
Иш-чаранын баардык катышуучуларына белек катары «Кыргыздар жана Кыргызстан тарыхындагы ислам» аттуу китептин басма нускасы тапшырылды. Бул материал менен тереңирээк таанышууга жана аны изилдөө же окутуу ишинде пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.
Бет ачар Кыргызстандагы диний мурасты түшүнүүгө жана мамлекет менен исламдык уюмдардын кызматташтыгын өркүндөтүүгө багытталган маанилүү кадам катары бааланды.
"Азия Ньюс" гезити