Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дастан Бекешов: “Журналисттер иликтөө жасаганда ага маданияттуу жооп бериш керек”

Дастан Бекешов: “Журналисттер иликтөө жасаганда ага маданияттуу жооп бериш керек”

26-январь, 20:33
1 016 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов журналисттин иликтөөсү кандай болбосун анын жеке жашоосуна кийлигишпей, маданияттуу түрдө жооп берүүгө чакырды. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 26-январда парламенттин жалпы жыйынында айтты.

“Журналисттер иликтөө жасаганда ал туура болобу, жалган болобу, ага маданияттуу жооп бериш керек. Пресс-конференция уюштурабы, пресс-релиз аркылуубу, анын ар кандай жолу бар. Бирок журналисттерге басым кылып, жеке жашоосун видеого тартып жарыялап... Биз ушундай деңгээлге түшпөсөк. Чындыгында УКМК өзү эле уят болуп жатат. Атайын кызмат, башкы прокуратурага айтат элем, цивилдүү ыкма менен жооп берсеңер деди Бекешов.

Кыргызстанда иликтөөчү журналист Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция 22-январдын кечинде кармап кеткен. Журналисттер, активисттер жана акындар 23-январда чогулуп, аларды бошотуу талабын коюшкандан кийин экөө үй камагына чыккан.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер