Өзүмдүн сиңдим менен күйөөмдүн чыккынчылыгы жүрөгүмдү жаралады

Турмушка чыкканыма төрт жарым жылга толду. Башында баары жакшы эле, сүйлөшүп, түшүнүшүп, сүйүшүп үй-бүлө курганбыз. Бирок жылдар өтүп, балалуу болбой калган соң баары өзгөрө баштады. Күйөөм акыркы айларда таптакыр башка адамга айланды. Сүйлөшпөйт, көңүл бурбайт, кээде мен бармынбы-жокмунбу, айырмасы жоктой.
Бир күнү күтүүсүздөн чындык ачылып калды. Көрсө, менин өз бир тууганым, сиңдим менен сүйлөшүп, жолугуп жүргөн экен. Сиңдим болсо жакында эле турмушка чыгып, бир ай жашап, кайра ажырашып келген. Ага “экөөбүз баш кошобуз, экинчим кылып алам” деп убада бериптир. Мен муну укканда дүйнөм астын-үстүн түшүп, жүрөгүм тилинип кеткендей сыздадым. Өз сиңдимдин кылыгы, жолдошумдун чыккынчылыгы – баары кошул-ташыл болуп, жандүйнөмдү тешип өттү.
Күйөөм мени талаа четине алып барып кордоду. “Сен эле бактылуу болушуң керекпи?” деп сабап салды. Итке теңеди. “Итти “кет” десе кетет, сенчи? Өлүп калсаң да мага айырмасы жок” деп оор сөздөрдү айтты.
Эми эмне кылышым керек? Баарын таштап кетип калайынбы, же унчукпай чыдап жашай берейинби? Жүрөгүмдө от, жандүйнөмдө караңгылык. Сиңдиме нааразы болоюн десем, өз каным. Күйөөмдү кечирейин десем, кечиргис кылды. Мен кайсы жолду тандайм, айтыңыздарчы, эжелер?..
Диля
"Азия Ньюс" гезити