Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айбар Султангазиев: “Жаштар арасында коркунучтуу оорулар жайылууда”

Айбар Султангазиев: “Жаштар арасында коркунучтуу оорулар жайылууда”

03-декабрь, 20:14
587 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда акыркы 14 жыл ичинде иммундук жетишсиздик эпидемиясы күч алды. Бул ар бир 750-кыргызстандык ВИЧ оорусу менен жабыркайт дегенди билдирет. Бирок, коом ичинде ВИЧ, аны жугузуп алуу коркунучу тууралуу түшүнүк жокко эсе. Көпчүлүктүн оюнда “СПИД менен баңгизат колдонгондор жана гомосексуалдар ооруйт” деген тайкы түшүнүк бар. Учурда бул оору жайылып баратканы айтылууда. Бул тууралуу биздин гезитке медициналык эксперт Айбар Султангазиев төмөнкүлөрдү билдирди. 

-- ВИЧэпидемиясынын жаштар арасында жайылып баратканы изилдөөлөрдө айтылды. Мунун себеби эмнеде?

-- 3-4 жылдан бери  ВИЧтин 70 пайызы жыныстык жол аркылуу жайылып баратат. Буга чейин ийне сайуудан улам жуккан учурлар көп болчу. Жыныстык жол менен жуккандын көбөйүшү – жаштар арасында оору жугузуп алуу кооптуулугун аңдабагандыгы себеп.

-- СПИД, аны жуктуруп алуу тууралуу түшүнүктөр аз экенин да белгиледиңиз. Элдеги маалыматтын жоктугу жана аны жаап-жашыруу көйгөйдү күчөтүп аткан жокпу?

-- Ооба. Мурда мектеп окуучулары, студенттер, жалпы жаштар арасында түшүндүрүү иштери көп жүргүзүлчү. Кийинчерээк донорлордун акчалары азайып, оорунун алдын алууга каражат деле бөлүнбөй калды. Бөлүнгөн каражаттын көбү баңгизат пайдалангандарды, сексуалдык кызмат көрсөткөндөрдү дарылоого кетет.  Ал эми учурда бул оору жалпы калктын арасында да жайылууда. Аны менен күрөшүүдө мамлекет ВИЧтин коркунучтуу экенин айтуу сыяктуу куру сөздөр менен алек. Анын эффективдүүлүгү жок болгону ошондон. Биз ВИЧке каршы тестирлөөнү көбөйтүү керектигин айтып жатабыз.

-- ВИЧ мурда баңгизат колдонгондордун арасында көп болсо, азыр  калк ичинде арбып баратат дедиңиз. Мындай көрүнүш анын тез тарап кетүү коркунучунан кабар бербейби?

-- Туура, ошондуктан жөнөкөй эрежелерди сактоо керек. Ооруп калган адам аны жашырбай, уялбай дарыланышы зарыл. Жардам бере турган жерлер деле көп. Мамлекеттен 63 млн. сом бөлүндү. Жакында глобалдуу фонд 2023-жылга чейин акча бөлүп берди. Бирок, андан кийинки каржылоо токтойт. Алар мамлекет бөлгөн каржынын көбөйүшүн талап кылууда. Эгер өкмөт бөлүнгөн каржы көбөйсө, донорлордун колдоосу улана бермекчи.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер