Акыркы кабарлар
» Саясат » Март айында саясат кызып, “чилде” түшкөнү калды...
Март айында саясат кызып, “чилде” түшкөнү калды...
28-февраль, 18:39
809 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌ Кой-Таштагы 7-8-август күндөрдөгү жана Жеңиш Разаковдун даттануусуна боюнча Курсан Асановдун соттук процесси шоуга айланып, коомчулук кулагын түрдү. 2-мартта Садыр Жапаровдун тарапташтары митингге чыгышат. Бул акцияга даярдыктар катуу жүрүп атканы, бийликке нааразы күчтөрдүн баары чогулушары алдыртан айтылууда. 3-мартта болсо Кой-Таш окуясынын соту болгону турат. Алмазбек Атамбаев баш болгон 14 адамга айып коюлууда. Күбөлөр, эл келе баштайт. 8-мартта “Гей-парад” өтөрү каңкууланды. Андан ары 24-мартка карата элдик төңкөрүштүн жыйындары… Адатта планда жок акциялар да жаралышы ыктымал. Ал эми өкмөттүн кебетесин көрүп атасыңар, күч органдары, сот системасы элдин нааразычылыгын жаратууда. Баары кошул-ташыл болуп кетпейби? Андыктан, өкмөт башчы Абылгазиевди отставкага кетирип, күч органдарынын жетекчилерин да жаңылап, коомчулукка үмүт бергендей өзгөрүүгө баруу зарыл. А болбосо, ахвал кыйындай берет...
Бөлүшүү:
Aryba.kg