Бакыт ТӨРӨБАЕВ, ЖК депутаты: “Контрабанда маселесин комплекстүү карайлы”
-- Бакыт Эргешович, палатанын жыйынында сүйлөгөн сөзүңүзгө караганда, КСДП ички ыйкы-тыйкылардан башы чыкпай жатабы?
-- Өзүңүз деле карап көрсөңүз, байкасаңыз. 2010-жылдан тартып өлкөнү КСДП башкардыбы? Башкарды. Ушул мөөнөттө эмне болду? Кредитке баттык, туурабы? ТЭЦ авария болду. Дача-СУга самолет кулап, ал боюнча иликтөө күмөн болуп калды. Өздөрү президентти шайлап, алып келишти. Бүгүн экс-президент баш болуп, өзүнүн эле партиялаштары аны иштетпей жатышат. Ошон үчүн эл эмки шайлоодо кимди шайлаш керек экендигин ойлонушу зарыл.
-- Контрабанда бүгүн жалпы коомчулуктун бүйүрүн кызыткан маселеге айланды. Кандай дейсиз, Жогорку Кеңеш аны өз жыйынында карашы керекпи?
-- Комиссия түзүлдү го. Контрабанда боюнча дагы, резонанстуу башка кылмыштар боюнча да карасын. Азыр бир адам тууралуу айтылып атпайбы. Эмне, контрабанданы бир адам жасаптырбы? Ошол мезгилде бажынын жетекчиси ким эле? Укук коргоо органдарын ким башкарган? Алардын да тийешеси бар. Ошолордун баарын комплекстүү караш керек. Эмне үчүн Россия “100 миң рублдан ашык чыкпайт” деп чектеп койду? Казакстандын өкмөтү “Кыргызстан аркылуу контрабанда келүүдө” деп чырылдап атат. Анткени, Россия менен Казакстанга товарларды жибергенге бизде ыңгайлуу шарттар бар. Ошону туура түшүнүш керек. Эгер ыңгайлуу шарттар болбогондо, анда Россия менен Казакстанга түз эле кетмек. Импорттон салык төлөнүп жатат деген ойдобуз. Туура, текшерүү болушу шарт. Бирок, алдамчынын сөзүнө ишенбеш керек.
Aryba.kg