Кара-Кечедеги кырсыкка, кайдыгерлик көрүнүшкө ким жооп берет?
17-августа көмүр кенине бара жаткан жолдо тоо урап, жолду бууп, электр карагайлары кыйраган болчу. Ошол убакта өкмөттүн күзгү-кышкы даярдыктарды көрүү маселеси турган. Үзгүлтүккө чыгарбаш үчүн тез арада жолду жана электр чубалгысын калыбына келтирүү иши КР транспорт жана жолдор министрлиги колго алган. Бирок, министрликте жол оңдоо шаймандары жок экенин далилденди. Айласы кеткенде ошол жердеги көмүр казуучулар кол кабыш кылышып, ГП «Кыргызкөмүр» бульдозер, жолчуларга жатаканасын, тамак ашын берип турган, «Шарбон», «Ак жол» башка керектөөчү жактарын колдоого алган. Бирок жолчуларга канчалык жардам берсе дагы жолду техникалык нормасына жеткирген эмес. Айлампа жол өтө тик жана бийик болуп калган, ал жердеги оор автомашинага өтө кооптуу болуп калган эле. Бул боюнча көмүр өндүрүчүлөр наразы болуп келишкен. Бирок транспорт жана жолдор министрлиги кайдыгер карап, көп маани берген эмес. Акыры 9-ноябрда ошо жаңы курган авто жолдо оор жүк ташыган “КАМАЗ» тик жолдон чыга албай кырсыкка учурап, айдоочу өмүрү менен коштошкон. Жолчулардын шалаакылыгы адам өмүрү менен коштолду, эми жоопкерчиликти жол куруучулар алышы керек, алар күнөөлүү, далилдер бар. Айдоочунун өмүрү кыйылды, үй-бүлөсү багуудан ажырады, материалдык жана моралдык орду толгус чыгымга учурады. Шалаакылыктын арты кайгылуу кырсыкка алып келди. Ошондуктан кайра дагы кырсык болбош үчүн жолду тез арада өзүнүн нормасына алып келбесе, дагы авто кырсык боло берет.
Качкынбек Булатов, укук коргоочу