Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Садыр Жапаровдун мураскери Каныбек Туманбаев болобу?

Садыр Жапаровдун мураскери Каныбек Туманбаев болобу?

19-декабрь, 21:06
628 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Болор бала богунан...” деп кыргыз эли бекер айтпаса керек. Каарманыбыз жаштайынан таасирдүү адамдарга тамшанып, тилек артып, ал үчүн жанталашып келгенин билебиз. Ошентип, акыры белгилүү даражага чыга келди. “Таалайлуу менен талашпа” дечү беле?

Чындыгында Каныбек Туманбаевге тан бериш керек экен! Башында Курсан Асановду ээрчип жүрүп, элге аралашып, телчигиптир. Кийин Икрамжан Илмияновго эрмешип, шопур сыяктуу кызматтарын кылып, акча табуунун жолун тапканы менен боор көтөргөнүнө баракелде! Ооба, Алмазбек Атамбаевдин бийлиги тушунда саясатка да аралашып, КСДПдан депутаттыкка талапкерлигин койгон. Андан соң Соке президент болгондо Асылбек Жээнбеков доор сүрүп турбадыбы, анын жакын адамына айланып, “Биримдик” партиясынан парламенттик шайлоого экинчи ирет атсалышкан. Тилекке каршы, Октябрь төңкөрүшү орун алып, көп нерсенин ойрону чыгып кеткен эле. Бул аралыкта Каныбек Туманбаев убактылуу тыныгып, бирок көмүскөдөн тынчыбай, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге жакындоонун амалын жасап, демөөрчүлүк иштерин илгиртпей аткарып, сыпайы сүйлөп, жыла басып, акырындык менен резиденциянын короосуна жакындай берди. Акыры президенттин иш башкармалыгынын жетекчилигине жетти. Учурда өзү үчүн ийгиликтүү эмгек өтөп атат. Кыйын эй! Эки достун ишенимине бекем кирип, көздүн кареги менен тең айланып, алдын ала демилге, идеяларды көтөрүп, көрөгөчтөй эле чыга келди. Мындай жигиттер жерде калбайт го? Садыр Жапаровдун тилин таап, мураскерине айланышы мүмкүнбү? Капиталын чыңдап алды, эми команда түзсө, балким келерки шайлоодо президенттик күрөшкө аттанып, кыргыз элин бийлеп калсачы? Биздин саясаттан баардыгын күтсө болот. Ошондо кийинки ажо Каныбек Туманбаевби?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер