Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Күмөндүү кадр саясаты менен көйгөйлөрдү чечүү мүмкүн эмес”

“Күмөндүү кадр саясаты менен көйгөйлөрдү чечүү мүмкүн эмес”

01-ноябрь, 19:10
606 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өлкөбүздө орун алган төңкөрүштөн бери тынбай кадрдык алмашуулар болууда. Бул апта ичинде дагы бир топ кадрдык өзгөрүүлөр орун алды. Бул боюнча эксперттер эмне дейт?

Мурат Жетимишбаев, коомдук ишмер:

-- Бул эми бийлик алмашкандан кийин мыйзам ченемдүү эле көрүнүш да. Бирок, өтө ашыкча кетип баратат окшойбуз. “Кыйкыргандын баары кыйын эмес” дегендей, кыйкырып келгендерге кызмат берип, оозун жапкан ашыкча. Мындай жагдай адатка айланып бараткандай. Бишкекте башталган адат эми "цепная реакция" дегендей, региондордо да уланууда. Таласта, Өзгөндө ж.б.у.с. Принципке туруп, мындай жагдайды бийликтегилер токтотушу керек. Эл дагы ойлонуш керек, жөн эле биздин азамат деп эле өз балдарын түртө берген уят.

Алмаз Тажыбай, саясый серепчи:

-- Жаңы бийлик, албетте, өз максатын ишке ашырганга саясый күчтөргө таянып, саясый лидердерди өз тарабына тартыш керек. Ошондуктан, Садыр Жапаров өлкө экономикасын жана саясый абалды курчутпай, кризистен чыгаруу аракетинде. “Жемкорлук менен күрөшүү, жаңы жана жаш кадрларды бийликке тартуу” деп элге берген убадаларын аткарып жатат. 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоого аттанып жана аны жеңиш үчүн Садыр Жапаров кеңири электорат тарабынан колдоого муктаж. Андыктан, ар бир регионго таанылуу кландардын жана алардын өкүлдөрүн коюп, прагматика жактан кол топтоп жатат десе болот. Бирок Жапаровдун тобунда көбүнчө элдин кыжырын келтирген мурдагы саясатчылар да кем эмес. Жарандык коомдун лидерлери Жапаров айткан терең реформа өткөрүү боюнча убадаларын аралаш кадрлар менен ишке ашырганга күмөн санап жатышат. Мүмкүн ушундай кадрлар азыркы учурда өлкөнү кризистен чыгаруу үчүн биринчи кадамдыр. “Мамлекеттик жана жергиликтүү кызматка адистерди көп тандабай, тез арада көйгөйлөрдү чечиш керек” деп, алардын сапаттарына карабай ката кетирүүдө. Бирок тез аранын ичинде оңдоп, алмаштырып жатат. Садыр Жапаровго "чайкоого" жол берилбейт, ченелген убакытты созуп жиберсе, ал эл берген ишенимди жогото баштайт.

Расул Тулеев, эл аралык университеттин ага окутуучусу:

-- Акыркы учурда өкмөттө кадрдык өзгөрүүлөр болгону – бул парламент менен президентин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаровдун ич ара кызматташуусунун белгиси десе болот. Азыр С.Жапаров саясый топтордун болгон өкүлдөрү менен тил табышып, ишти алып кетүүгө аракеттерин жасоодо. Мунун жакшы жагы да бар, терс жактары да арбын. Жакшы жагы: Садыр Жапаров саясый кырдаалды курчутпоого жана баланс табууга аракет жасаганы жакшы көрүнүш. Анткени, оппозиция менен тил табышкан саясатчы башка пикирлерди угуп, саясатты алып барганда алардын мүдөөлөрүн эске алуу менен саясый кырдаалды жөнгө сала алат. Жаман жагы: биздин мамлекеттик башкарууда кадрдык саясаттын жоктугу жана иш алып баруу экинчи планга жылдырылганы, биринчи планга саясат жана кресло бөлүшүү адаты калганы. Мамлекет башчысы, өлкө башчысы жалгыз эч бир реформаны же алгылыктуу ишти жүзөгө ашыра албайт. А эгерде жалаң достор, туугандар, партиялаштар жоопкерчиликтүү кызматтарга алынып келсе, бул ишти канчалык туура аркалаганы күмөн жарата баштайт. Ошондой эле сүйлөшүлгөн коалициялык, жеке өздөрүнүн кызыкчылыктарын алдыга койгон өкмөт мүчөлөрү топтолсо, анда бирдиктүү саясат жүргүзүлбөй, ар бири өз көмөчүнө күл тартканы күчөйт...

Тимур Абылаев, “Ордо” саясый партиясынын мүчөсү:

-- Бүгүн өкмөт курамында жаңы мүчөлөр дайындалууда. Парламенттик жыйында көрүп тургандай, социалдык коргоо жана эмгек министр кызматына талапкерге көп суроолор берилип, тийиштүү жооптор алынбай, бир топ нааразылык жаралды. Менин жеке пикиримде, Аида Исмаилова министрлик кызматты ээлөөгө татыксыз деп эсептейм. Азыркы социалдык экономикалык оор учурда бул кызматты так жана жигердүү алып бара ала турган адисти дайындоосу зарыл эле. Бирок, эмнегедир премьер-министр Аида айымдын талапкерлигин сунуштады. Жалпысынан өкмөттүн курамын карай турган болсок, “күчтүү команда куралып жатат” деп айткандан алысмын, бирок учурдагы кырдаалды эске алуу менен өкмөткө, жаңы өкмөткө убакыт бериш керек экендиги анык. Алдыда жумуш көп, мисалы, ошол эле кышка даярдык, пандемиянын экинчи толкунун алдын алуу, социалдык төлөм милдеттенмелерин аткаруу, президенттик шайлоону өткөрүү, айтор, жумуш абдан көп...


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер