“Жети баштуу ажыдаарды” кантип токтотобуз?

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Нургожоевичке!
Кыргыз элинин улут катары түбөлүк жашап турушуна кыргыз катары кызыккан Мукан Усубакунов сизге төмөнкүдөй сунуш-талап менен кайрылууну атуулдук милдетим деп эсептейм. Мага чейин эле алдыңкы көз караштагы көп адамдар бул маселе боюнча тынчсызданып айтып жүрүшөт. Бирок айтып коюу менен жыйынтык чыгаруу экөө эки башка иш.
Мына, сиз баштап баарыбыз “Балдар – биздин келечегибиз” деп айтабыз. “Алар жаш кезинен эмгекчил, Ата мекенин жанындай сүйгөн акыл-эстүү, улууну урматтаган, кичүүнү ызааттаган кичипейил болуп өссө” деп бассак-турсак ойлонобуз. Бирок балдарыбыздын бүгүнкү күндөгү жалпы көрүнүшү өзүнүн келечегине балта чапкан кейиштүү трагедиялык абалда. Мен муну өзүмдүн неберелеримден көрүп айтып жатам. Эң коркунучтуусу: жаш энелер мобилдик телефонду бала соороткуч кылып алышыптыр. Там-туң басып, жаңыдан тили чыгып келатканынан тарта жогорку класстын окуучуларына чейин жатса-турса колдорунан телефондор түшпөйт. Кала берсе, тамак ичкенге да кайыл болуп, уктаарда төшөгүнө алып жатып, көрүп атып чарчаганда гана уктайт. Терең билим алууга умтулуу жок. Аларды телефондогу көрүнүштөн башка эч нерсе кызыктырбайт. Адамдын акыл-эсинин казынасы болгон китеп окуу жок болгондуктан акыл-эси өнүкпөйт, тили туруп өзүнүн ой-пикирин айтып бере албайт. Себеби, китептен окугандары боюнча ой жүгүртүп, жакшы нерселерге таасирленип, “мен да ошондой болсом” деген кыялдануусу өчүп калган. Экинчи кейиштүүсү: бурч-бурчта кыймылсыз үңүрөйүп телефон тиктеп отурса, дене-бой жагынан да толук өсүп жетилбейт. Сылап-тарап, жымсалдабай түз эле кесе айтканда, 15-20 жылдан кийин баш оорулуу, көздүн көрүүсүнөн ажыраган жалаң көз айнек тагынган, түртүп койсоң жыгылып калган, кирбийген адам сымакка айланышат. Бул ачуу чындык, бирок боло турган иш.
Биз “илимий-техникалык прогресстин болуп көрбөгөндөй өсүшүнөн пайдаланып жатабыз” деп сүйүнгөнүбүз менен анын кээ бири (мобилдик телефон сыяктуусу) көзгө көрүнбөгөн “жети баштуу ажыдаар” болуп, балдардын келечегин аймап-жалмап, оп тартып соруп баратат.
Ошондуктан кадырлуу Садыр Нургожоевич, бул “ажыдаардын” башын кыя чаап, балдардын келечегин сактап калуу негизги милдеттин бири. Андыктан, президенттик аппарат, министрлер кабинети, Жогорку Кеңештин депутаттары менен биргеликте чечкиндүү кадамдарга барыш керек.
Менин жеке көз карашымда, интернетти жалпы билим берүүчү орто мектептен тарта үйдөгү жана коомдук жайлардагы “эң ылдам интернетке кошулгула” деген жарнамаларды тыптыйпыл өчүрүш керек. Интернетти өкмөттүк аппарат, журналисттер үчүн гана калтырып, жалпы керектөөчүлөргө теледен атайын интернет каналын ачып, белгилүү бир убакта берип турса жетиштүү болот. Телефондун трагедиясынан сактануу – келечекти сактап калуу деген эле сөз.
Карап туруп көзүңө жаш айланат. Илгеркидей чурулдап, кубалашып ойноп жүргөн балдар көрүнбөйт. Көчө жымжырт. Эгерде ушул бойдон калса, көркөм адабият менен поэзия да жашоосун токтотот. Кыргыз эл акыны Сейит Жетимишов “Оо, Кудай ыр окулбай калабы?” деп бекеринен өксүп айткан жок да.
“50 жылда эл жаңы” деп даанышман айтыптыр. 50 жылдан кийин биздин артыбыздан кимдер келет?..
Муканскиф Усубакунов, Ысык-Көл району, Сары-Камыш айылы
"Азия Ньюс" гезити