Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министр Жээнбек Кулубаев дипломатиялык түшүмдү өстүрүү процессинде турат

Министр Жээнбек Кулубаев дипломатиялык түшүмдү өстүрүү процессинде турат

16-сентябрь, 09:00
400 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен болгон жолугушуудан алган таасирлери тууралуу айтып берди. Ал белгилегендей, ТИМ башчысы биринчи жолу эксперттик чөйрө менен жолугушту. 

Өкмөттөгү эң сакралдуу жана татаал багыты – бул ТИМдин иши. Министрликтин ишмердүүлүгүн ичинен билем, анткени, бул тармакта 90-жылдары иштегем жана тагдырдын буйругу менен көз карандысыз Кыргызстандын парламенттер жана эл аралык байланыштарын түзүүнүн башатында болгом. Өлкөнүн эркин радикалдар деп аталган эксперттик чөйрөсү менен жолугушкан акыркы 30 жылдагы биринчи ТИМ башчысы болду. Болгондо дагы өз демилгеси менен. 

Мадумаров “акыркы 30 жылда” деп айтууга тыюу салып жатканына карабай, мен бул жерде кайталагым келет: “30 жылда биринчи жолу” болду. 

Министр менен биз тышкы саясаттын акыбалы тууралуу пикир алмаштык. Талкуунун жүрүшүндө Жээнбек Молдоканович тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыттары жана заманбап геосаясый архитектурадагы туңгуюктар тууралуу кеңири маалымат берди. Ачыгын айтайын, биздин көптөгөн радикалдык көз караштарыбыз министрдин ынанымдуу, далилдүү, дипломатиялык жактан аргументтелген позициясына дуушар болду. 

Албетте, биз геосаясаттагы купуя маалыматтарды ичтен билбей туруп, интернет айдыңындагы жана эл арасындагы пикирлерге таянабыз да. Биздин радикализм, жеңил ой жүгүртүү, “бөрк ал десе баш алууга” аракеттенүү республиканын позициясына, беделине жана өзүн демократиянын, эркиндиктин жана адам укуктарынын өлкөсү катары таанытуусуна олуттуу зыян келтириши мүмкүн. 

Акыркы 30 жылда тышкы иштер министрлерибиздин ишин байкап жүргөндүктөн, аларды үч категорияга бөлө алам: үрөн сепкендер, өстүргөндөр жана түшүмүн жыйнагандар. Мисалы, мурдагы министр Руслан Казакбаев – кризис-менеджер. Ал   революциядан кийинки убактардагы өлкөбүздүн эл аралык мамилелерин калыбына келтирүү боюнча таланттуу адис. 2010-2020-жылдардагы революциядан кийин анын министр болуп дайындалышы өтө туура болгон деп эсептейм. Өлкөбүздөгү эл аралык укуктардын субъектиси катары имиджин калыбына келтирүү тапшырмасын андан мыкты эч ким аткара алмак эмес. Андан ары метафора тилине өтүүгө уруксат бериңиздер. Эгер ТИМдин ишин айыл чарба менен салыштырсак, Руслан Айтбаевич биздин мамлекеттер аралык мамилебиздин эл аралык талаасын кайрадан казып чыгып, ага үрөн сепкендей эле болуп калды. 

Учурда Жээнбек Кулубаевдин көп жылдык дипломаттык тажрыйбасы жана өзүнүн жеке оор басырыктуу мүнөзү зарыл. Ага иштетилген талаа туш келди, образдуу айтканда, жем семирткич менен байытып, пестицид-гербициддер менен дарылап, коргоону камсыздап жана бай түшүм алууга шарт түзүү милдети моюнуна тагылды. 

Түшүм жыйнап алууга бизде карьералык дипломаттар бар, алар түшүмдү коромжуга учуратпай мекенибиздин кампасын толтуруп коюшат. Мисалы, Аскар Айтматов. Дипломат катары ал бир убакта АКШнын Гансисин жана Россиянын авибазасын бири биринен 20 чакырым аралыкта, бирин “Манас” аба майданына жакын жерге, экинчисин Кантка жайгаштырып коё алган. Мындай нерсе дүйнөнүн бир да өлкөсүндө болгон эмес жана азыркы кырдаалда боло тургандай түрү жок. Кайталайм, учурда ТИМдин башчысы Жээнбек Молдоканович дипломатиялык түшүмдү өстүрүү процессинде турат. 

Соцтармактарда айрым эл аралык мамилелерди “билгичтер” Кулубаевге бирде түшүмдү эмитен эле жыйноону кеңеш берсе, бирде химиялык жер семирткичтерди же органикалык заттарды кошууну сунушташса, кээде баарын суу менен жайпап салууну айтышат... Аны айтып жатышып, химикаттар бүт түшүмдү уулап саларын же топурактын эрозиясына алып келиши мүмкүндүгүн деле ойлой беришпейт. Азыр бир топ заманбап геосаясый дүйнөдө абдан татаал аба ырайы орногон: кээде кургакчылык, кээде үшүк жүрүп, кээде бороон улуп жатпайбы. Ошондуктан, так ушул конкреттүү этапта Кулубаевдин министрликке дайындалышы туура чечим болгонун баса белгилейм

Дипломатиялык мекемедеги биздин жолугушууга кайрылалы. Менин “Эмне үчүн ТИМ казак бажысындагы акыбалды жөнгө салбайт, ал жерде биздин жүк ташуучу автоунаалар көп саат токтоп турууга аргасыз?” деген суроомо, министр өзү күбө болгон окуяны айтты. Казакстанга барганда коңшу өлкөнүн бажы тармагынын башчылары менен жолугушуп, ушул маселени көтөргөн экен. Ага онлайн-режимде бажы көзөмөл пунктун көрсөтүп, биргеликте кезекте алдыда турган жүк ташуучу унааны көрүүнү сунушташкан. Жүк ташуучу унаалардын биринде кузовдун алдыңкы катарында канаттуулар жүктөлүп, а артында электроника жана башка товарлар салынган коробкалар жашырылыптыр. Ошондуктан, бул маселе биз ойлогондой жеңил-желпи эмес. Анын үстүнө биздин тарап бажылык жоболоштуруу нормасын тез-тезден өзгөртүп турушат, а муну казактар мөөнөтү бүтүп баратканда гана угушат, бул дагы кошумча татаалдыкты жаратат. Бажыда кандайдыр бир оюн болуп жатат. Андан тышкары, нюанстар аз эмес. 

Ошондой эле ТИМ башчысы Россиядагы эмгек мигранттарыбыз туш болгон кырдаал тууралуу айтып берди. Борбор Азиядан барган гастарбайтерлерге мамиле толук бирдей. Болгону айрым блогерлер чөйрөсүн туура эмес маалыматтар менен толтурушат. Россияда мигранттарга салык салуу боюнча өтө чоң көйгөй жаралган. Албетте, мында тийиштүү кызматтар иштеши керек. Андан тышкары, мигранттар арасында көптөгөн криминалдык элементтер жайылды, анын айынан Россиянын укук коргоо кызматтарына кошумча түйшүк үйүлгөн. Айрым политологдор мекендештерге татаал талаптардын пайда болушун Украина кырдаалына карата нейтралдуу позицияны карманганыбызга байланыштырышууда. Алар Кыргызстанга россиялык ачык позицияны кармануу зарыл деп эсептешет. Мага кайрылган мигранттар менен сүйлөшкөндөн кийин мен дагы бир убакта эмоцияга алдырып, ушундай пикир айтканмын. 

Дагы бир топ сакралдуу маалыматтарды уктук, бирок аны айта албайбыз жана жүрүп жаткан дипломатиялык процессти бузбаш үчүн медиа айдыңына жарыялабашыбыз керек.

Ошондой эле, мен элчилердин кадрдык тандоо темасына кайрылдым. Бул көбүнчө президенттин саясый эркине жараша болот. Бул суроого министр саясый чечимдин негизинде дайындалган элчилер менен биздин профессионал дипломаттар тыгыз иштешип жатышканын айтты. Ошондуктан, биздин саясый өңүттө дайындалган элчилерге жакшы эс алуу каалайм. Алар элчи болуп жүргөн өлкөлөрдүн музейлери, театрлары, жалпы маданияты менен таанышып, туристтик жайларын жакшылап кыдырып алышсын, а иштин баарын профессионал дипломаттарга тапшырсын.


Бакыт Бакетаев, саясат талдоочу 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер