Тазабек Икрамов, экс-депутат: “Эл аралык уюмдар талап кылышса да, бизде саясый сот процесстери жабык өтүп келген”


-- Тазабек байке, парламентте Кыргызстанда 80ден ашык улуттун өкүлдөрү жашайт. Армияга баргандардын 90 пайызын кыргыздар гана түзөрүн айтышты. Баары армияга барып, мекенди коргош үчүн эмне кылышыбыз керек?
-- Кыргызстан көп улутту өлкө. Конституцияда жарандардын укугу бирдей жана тең каралган. Демек, артыкчылыктар, милдеттер да бирдей каралышы керек. Кайсы бир учурларда коргоо министрлигиндеги коррупциялык элементтерден улам башка улуттун жарандары эле эмес, байлардын балдары да аскерге барбай, жалаң карапайым адамдардын балдары барып калган. Жеке пикиримде, аскердик кызмат өтөбөгөндөр мамлекеттик кызматка жана органга алынбашы керек. Бирок, бул жерде да өтө маанилүү жагдай бар. Ал үй-бүлөлүк шартка жана өспүрүмдөрдүн ден соолугуна да байланыштуу. Ал маселе ачык каралышы керек. Эгерде Кыргызстандагы бүт улуттардын балдары өз каалоолору менен аскерге баргыдай шарт түзүү жагын карасак, биринчи аскердик тартипти так сактоо, ал жердеги зомбулукту токтотуу, толук материалдык-финансылык камсыздоо жана мамлекеттик идеология! Ушул маселелер чечилгенде гана баардык жарандар текши аскерге бара баштайт.
-- “Армияга барбаган жигиттерге турмушка чыкпагыла” деген да депутаттар болду. Кандай дейсиз?
-- Ал жөн гана турмуштук ирония. Советтик идеология ошентип аскер турмушун даңазалоо үчүн ушундай ыкма чыгарып койгон. Аскер кызматына барбай, университеттердин аскердик кафедраларынан запастагы кичи офицер наамын алып чыгышат. Чет өлкөдө билим алган, үй-бүлөлүк шартына байланыштуу аскерге барбаган жигиттер бар. Алар да үй-бүлөлүү болуш керек. Ал эми суроонун тикелей маанисин карасак, ал кыздардын тандоосу...
-- Баса, президент кол койгон мыйзамга ылайык, мындан ары соттук отурумдар аудиого жана видеого жазылат. Бул нерсе соттордун адилеттүү чечим чыгарышына шарт түзөбү?
-- Бул болгону адилеттүү чечим кабыл алуучу механизмдерин бири. “Акыйкаттык орноп калат” дегенди билдирбейт. Эл аралык уюмдар буга чейин сот процесстерин фото, видео фиксациялоо боюнча бир канча жолу талап коюшкан. Тилекке каршы, өзгөчө саясый иштер жабык өтүп келген. Албетте, фото, видео фиксация адвокаттар, коомчулук үчүн негизги материал катары саналат, айып тагылган жарандардын акталуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.
"Азия Ньюс" гезити











