Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жанар Акаев, эркин депутат: “Абылгазиев эс алуудан ары кетпесе, абийирдин маселеси жаралат”

Жанар Акаев, эркин депутат: “Абылгазиев эс алуудан ары кетпесе, абийирдин маселеси жаралат”

29-май, 15:05
942 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жанар мырза, өкмөт башчы жыштык чырына байланыштуу убактылуу эмгек өргүүсүнө кетти. Бул маселени биринчилерден болуп сиз көтөрдүңүз эле. Кандай дейсиз, Абылгазиевдин чечими туура болдубу?

-- Өкмөт башчы эмгек өргүүсүнө чыккан себебин радиожыштык маселеси боюнча тергөөнүн калыс өтүүсү менен түшүндүрдү. Бул туура кадам болду. Анткени, мен мына бүгүн Жогорку Кеңеште “өкмөт башчы убактылуу кызматынан четтеп турсун” деп сунуш бергени жаткам. Премьер-министр Абылгазиев өкмөттү башкарып турса, адилеттүү тергөө болоруна шегим бар.  Мендеги маалымат боюнча, өкмөт башчысынын аппарат жетекчиси Кылжыев да азыр сурак берип жатат. Беш адам камалды. Алар өзүм билемдик менен мындай масштабдагы жыштыктарды казактарга өткөрүп бере алмак эмес.  Сөзсүз жогору жактан тапшырма болгон, ким тапшырма бергени ачыкка чыгышын биз талап кылабыз. 

-- Премьер-министр “бул ишке менин эч тийешем жок, кээ бирөөлөр жөн гана саясатташтырып жатышат” дегендей кылды. Сиздерде конкреттүү фактылар барбы?

-- Конкреттүү факты – бул бир нече чиновниктин камалышы, эбегейсиз жыштыктын казактарга бекер берилиши, аукцион, сынактар өтпөгөнү, бюджетке бир тыйын түшпөгөнү. Ошондой эле тийешелүү министрлик өз убагында буга абдан каршы чыгып, тызылдап жазган жашыруун каттары менин колумда бар.  Мындан башка дагы кандай факты керек? Жакында казак олигархынын эң көздөй өнөктөшү өкмөт башчыга келип, кабинетинде жолугушканын да далилдеп беребиз. Эми ушуга карабай факты сурашса, анда бул абийирдин маселеси болуп калат. Ал эс алуудан ары кетиш керек...

-- Непада Абылгазиев отставкага кетсе, бүт өкмөт кошо кетет. Ушундай кыйын, кыйчалыш учурда өзгөрүүгө барганыбыз туура болобу?

-- Эмне, кыргызда өкмөт башчылык ишти алып кетчү, эл үчүн азыркыдай жабык болбой, ачык-айрым иштеген, чарбаны түшүнгөн, ишти тез жөндөп кетчү кадр калбай калды дейсизби? Четтен чыгат. Сырттан келип жаткан акчалар тууралуу маалыматтар аз, Валюта фондунан келген 240 миллион доллар, Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банктардан келген каражаттар кайда жумшалып жатат? Ушунун баарынын тыйынына чейин өкмөт башчы жооп бериши керек. “Ашуудан ат алмаштырбайт” дешет, бирок ашууга жетпей ат чарчап, баспай калса, ошол аттан бүтүндөй журттун турмушу көз каранды болсо, анда кантебиз? Катачылык кетирсе да кризис эле деп кармап отура берүү туура эмес. Жогорку Кеңешти билесиз, түшкө чейин жаңы өкмөттү шайлап көнүп калган, албетте, жогору жактан белги болсо... 

-- Оппозициялык блок түзүлүп, Текебаев, Сариев баштаган тажрыйбалуу саясатчылар менен сиз баштаган жаштардын жоон тобу биригип жатканы айтылууда. Ушул чынбы?

-- Бул боюнча жакында угасыздар. Жаш-кары дебей таза инсандар биригип, шайлоодо утуп келбесек, парламент элге күлкү болуп бүттүк. Сапаттуу Жогорку Кеңешти куроо үчүн катуу аракет кылабыз, Кудай буюрса. 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер