Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Малик Осмонов: “Абдырахман палван “жаш бала экен, күрөшпөйм” деди...”

Малик Осмонов: “Абдырахман палван “жаш бала экен, күрөшпөйм” деди...”

27-август, 12:00
6 420 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Алыш” күрөш федерациясынын ардактуу президенти менен маек.

-- Малик ака, айтылуу “Тапанча палван” (Ибрагим Узакбаев) менен алгачкы жолу кантип тааныштыңыз эле?

-- Мен анда Жалал-Абадда ДОСААФта окучумун. “Тапанча палван” деп атын угуп жүргөнбүз. Бир күн чайканада отурсак эле бир сары жигит кирип келди. Колтугу костюмуна батпай, чытырап турат. Дароо эле сездим, “палван окшойт” дедим. Отургандар менен саламдашып өттү. Сөрүдө чай ичип отурган чалдар өздөрүнчө “Тапанча” азыр Пурунзада окуп атабы?” деп сүйлөшүп калышты. Ошондо билдим, жанагы киши “Тапана палван” экенин. Кийин анан бирге жүрүп калдык. “Тапанча палван” 18 жашында, күрөшкө аябай кызыгып жүргөн маалында эң чоң күрөш Кара-Сууда болгон экен. “Союз маалы, жетишпеген, кембагалчылык мезгил. Кам гыш куям миңин 25 сомдон. Бут, денем ылай. Машина жок, үч-төртөөбүз дарыя менен кетебиз. Кара-Дарыя менен агып кете беребиз (суу көп болгон да о маалда). Агым күчтүү эле, тез эле жетип калабыз. Күрөш болчу айылдын тушунан чыгабыз. Анан барып күрөшөбүз. Күч калбай калган (гыш куйган адамда күч калбай калат да). Ошого карабай катар-катар жыкчумун. Боюм кичинераак сары бала элем, бир палван аксакал “тапанчадай болгон бала экен. “Тапанча палван” болсун” деп дуба кылып ийди. Ошо бойдон “Тапанча палван” атыгып кеттим. Өзүмдүн атым айтилбай калды” дечү.

“Баатырдын атын алыстан ук, жанинан көрсөң бир киши” дегендей, жөнөкөй, жакшы адам эле. Чыгармачыл киши эле, “Курманбекти” айтчу. Таң атканча да чарчабай айта берчү. Анан юморду жакшы көргөн, өзү да тамашакөй киши болчу. Урушканды мындай кой, өмүрүмдө бирөө менен сөгүшкөнүн көргөн жокмун. Сөгүш болуп аткан жерден секин башын жерге салып кетип калат эле. Жаңжалды жаман көрөт эле да. Эмесе күч ошондо...

-- Өмүрү жыгылган эмеспи, ошо чынбы?

-- Жыгылбаган палван болбойт да. Согушта деле баатырга ок тийип, же денесин кылыч тилет го. Ошол сыяктуу эле нерсе да. Тизелеп калган күндөрү, жыгылып калган дагы күндөрү болду. Мен өзүм алты жолудай жыгылганын көрдүм. Кырк жылдай күрөшкөн болсо, алты гана жолу жыгылган. Ошон үчүн “далысы жерге тийбеген” деп айтыла берет. Абдырахман палван деле жыгылган...

-- “Тапанча палван” экөө күрөшкөн турбайбы?

-- Ооба. “Тапанча” ака жыгып койгон. Абдырахман палван менен дагы күрөшүп калдым. Анда жашмин. Мектепти жаңы бүткөм. Абдырахман ака “жаш бала экен, күрөшпөйм” деди. Бирок, эл койбойт да. Палвандын кожоюну эл. Эл сенин күрөшөм, же күрөшпөйм дегениңе карабайт. Чыгарып ийди. Экөөбүз кармаштык. Буту аппак, эки тырмагы сынык экен. Ошону тамаша кылып атам. Ошо маалда шап алды дагы жыгып, бирок жерге жеткизбей кайра тургузуп койду. Соорунга коюлган килемди мага берип, өзү чыгып кетип калды. Отуз жаштардагы, атагы таш жарып турган маалы эле.

-- Ошондо сиздин устатыңыз “Тапанча палванбы”?

-- Палвандыкта устаз деген кандай? Кимди жакшы көрүп калсаң, ал сени тааныйбы-тааныбайбы, ошонун баскан-турганын туурай бересиң. Ошо сенин устазың болуп калат. Биз дагы “Тапанча” акани көрүп өсүп калдык. Ошон үчүн устатыбыз катары эсептейбиз.

-- “Тапанча палвандын” балдарынан балбан чыккандары болдубу?

-- Жок. Эки уулу бар. “Тапанча” акага куюп койгондой окшош. Бирок, күрөшүшпөйт. Аны менен кошо жүргөндөрдүн балдары күрөшүп атышат, чыныгы палвандын балдары болсо күрөшкөн жок... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер