Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Токтогул Какчекеев: “Бизге кайрат керек, душманды аяган болбойт”

Токтогул Какчекеев: “Бизге кайрат керек, душманды аяган болбойт”

30-октябрь, 13:30
384 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кыргызстан чек ара кызматы үчүн 40 даана брондолгон унаа сатып алды. Бул машиналардын өзгөчөлүгү эмнеде жана чек аранын коргоодогу мааниси канчалык?

-- Брондолгон “Toyota» үлгүсүндөгү Дубайдан келген унаалар биздин чек ара кызматкерлери үчүн керек техника. Чыгыш Араб өлкөлөрүндө мындай машиналар террористтерге, радикалдарга багытталган операцияларда пайдаланылып келет. Анткени ал күчтүү жана жеңил. Ошондуктан аны менен жүрүү ыңгайлуу. Негизинен бизге аскердик курал-жарактар керек, ошол эле учурда көптөгөн техникалар бар. Алмазбек Атамбаев президент болуп турган учурда 1 млрд. долларлык курал-жарак келген. Ошонун ичинде AN12 үлгүсүндөгү эки чоң учак, тик учактар дагы болгон. Ал эми бул түрк машиналары түштүктөгү тоо-ташта, чөлдүү жерлерде пайдалануучу унаалар, атайын чек ара кызматына багытталган. Техникасыз чек араларды коргоо мүмкүн эмес экенин билебиз. Себеби, чыныгы кылмышкерлер, террористтер ушундай машиналар менен жүрүшөт, аларды кууп жетип, тосуп, кармаганга алардыкынан кем калбаган күчтүү, жеңил унаалар керек болгондуктан сатып алынды. 

-- «Аскерий техникалар жалпыга көрсөтүлбөй жашыруун сакталышы керек болчу, бул душмандарга олжо» деген пикирлерге кошуласызбы?

-- Жок, мындай ойлор туура эмес. «Аскерий техникаларды жашырып, көрсөтпөй катып коюш керек болчу» дегендер аскерге барбаган адамдардын сөзү. Базарда акчанын санын катып, эч кимге айтпай жашырынып жүргөн адамдар ушундай пикирде болушу мүмкүн. Аскерде кызмат кылган адам мындай обу жок нерселерди айтпайт. Саебеби, бул машиналардын бардыгы тең ачык эле көрүнүп турат. Мисалы, интернетке машиналардын моделин жазсаң эле унаанын түрлөрү, саткан мамлекет, сатып алган киши, баасы, алтургай дареги да ачык жазылып турат. Ошондуктан техникаларды элге көрсөтүп эле алып келген туура. Тескерисинче, коопсуздукту, чек ара кызматкерлерин ойлоп, заманбап техника менен камсыз кылгандарга рахмат айтыш керек. Чек арада ушуга окшогон техникалардын көп болушу мамлекеттин коопсуздугу үчүн маанилүү. Мисалы, Россияда аскердик техникалары ачык эле турат, алар өздөрү чыгарышат, эч кимден жашырган жок. Биз өзүбүз эч нерсе чыгарбагандыктан башка жактан сатып алууга мажбурбуз. 

-- Бул техникаларды тапшыруу учурунда президент Садыр Жапаров «Кыргызстан эч кимге кол салбайт, бирок бизге кол салгандарга жооп беребиз» деди. Муну коңшу мамлекетке сес көрсөтүү деп кабыл алсак болобу?

-- Кыргызстандын куралдуу күчтөрү, дэги эле жалпы коопсуздук маселеси боюнча ушундай кайраттуу сөздү эки эле адам айта алды. Алар «кимде-ким бизге кол салса, биз дагы ошондой жооп беребиз» дегенди биринчи Алмазбек Атамбаев, экинчи Садыр Жапаров айтты. Аскердик салт боюнча кандай гана кол салуу болбосун, «миз кайтаруу» деген тартип бар. Атамбаев учурунда Тажикстан биринчи жолу кол салып, миномёт менен атканда, биз тараптан дагы «аткыла» деген түздөн-түз буйрук берилген. Бүгүнкү күндө бизге дагы кайрат керек, душманды аяган болбойт. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер