Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Депутат кырсыкка cебепкер экени белгилүү болду

Депутат кырсыкка cебепкер экени белгилүү болду

25-октябрь, 12:47
534 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Үстүбүздөгү жылдын 7-июлунда таңга жуук Бактуу-Долоноту айылында  эки унаа кагышып, төрт адам набыт болгон эле.

Кырсыкка кабылган унаанын айдоочуларынын бири  ЖК депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков   болгон.  «Lexus» унаасы менен Токобеков отурган BMW Х7 машинелери кагышып, «Lexus» автоунаасынын ичиндеги төрт киши тең ажал тапкан. Депутаттын уулу да жабыркап, ооруканага жаткырылган.

Андан бери төрт айдан ашуун убакыт өтүп, кырсыктын чыгышына ким күнөөлүү экени иликтөө экспертизадан өтүп,  жыйынтыгы чыкты. Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу отурган машине катуу баратканы жол кырсыгына себеп болгон. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, мындай тыянакка автотехникалык экспертизанын жыйынтыгы негиз болгон:

- BMW Х7 машинесинин айдоочусу жогорку ылдамдыкта бара жатканы аныкталды. Азыр соттук өндүрүштүн негизинде айдоочу эки айга үй камагына алынды,- дейт С.Усубакунов.

Aryba.kg



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер