Кайрат Осмоналиев: “Ички мигранттардын, студенттердин көпчүлүгү шайлоого катыша албайт”


-- “Форма-2” жоюлду. Анын ордуна кандай иш жүргүзүлөт?
-- Шайлоочулардын көпчүлүгү шайлай албайт. Эч жакка чыга албагандыктан аларга, участкаларда турган милиция кызматкерлерине, ооруканада стационарда жаткандарга “форма-2нин” бир түрү берилип, шайлоого катыша алышат. Ошол эле аскер кызматкерлери, убактылуу камакта болгондор ушул укукту пайдалана алары мыйзамда жазылган.
-- Каттоосу Зардалыда, өзү Бишкек шаарында иштеп жаткандар кантип шайлоого катышат?
-- Баткендин Зардалысында каттоодо турса, ошол жакка барып шайлоого катышуусу шарт.
-- Мындай жарандардын саны көп да...
-- Аябай көп. “Форма-2ден” баш тартуу популизм менен туура эмес кадамга баруу экенин айтып келем. Айрымдар жаман көрдү. Өткөн шайлоодо статистика боюнча 441 миң биздин жарандар “форма-2” менен шайлаган. Алардын көпчүлүгү жүйөлүү себептер менен шайлашкан. Ошол эле аймактардан келген студенттер, ички мигранттар бар эле. Мисалы, студенттерге окуган жеринен справка берсе, “форма-2” менен шайлашса болмок. Биздин депутаттар “кереги жок” деп мунун баарын кыйып салышты. Бирок биздин орточо 200 миңден ашык жарандарыбыз юридикалык укугу болгон менен укуктарын ишке ашыра албайт. Мен азыр деле ошол пикирдемин. “Форма-2ни” таптакыр жоюп салуу туура эмес. Ойлонбой чечим кабыл алышты.
Бишкектен барып Ошто иштеп жүргөндөр бар. Аймактардан келген жарандар арбын. Алар укуктарын ишке ашыргылары келсе, мисалы, Зардалыга бир нече суткадан ашык убактысын коротуп, канча бир каражатын жоготуп, жумушунан калып эч ким барбайт.
“Форма-2ни” бир эле пайдалана турган эрежени, мисалы, “бир аймактын ичинде туруп “форма-2ни” пайдалануу болбойт” деген чектөөнү гана киргизсек болмок. Студент болобу, ички мигрант болобу, окуган, иштеген жеринен справка алып келип шайлоого катышуу укугу болсо, логикага дал келмек. Анда добуш сатуу иштерине да бөгөт болмок. Добуш саткан адамды кармоо кыйын эмес. Ошолорду кармап, соттоп, укук коргоо органдары дыкат иш алып барганын көрсөтүп иштесе, анда мындай учур азаймак. Өткөн шайлоодо бийликке жакын партиялардын добуш сатып алуусуна көз жумуп коюшту. Мындай материалдарды БШК укук коргоо органдарына жөнөткөнү менен каралган жок. “Форма-2” добуш сатуунун булагы эмес болчу. Эми минтип шайлоого катыша албай, укугун пайдалана албай калган жарандардын нааразычылыгы жаралбай койбойт.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити











