Жол эрежесине тиешелүү айыппулдар дагы көбөйүшү сунушталууда
Кыргызстанда автоунааларга жасалма мамлекеттик номер таккандардын саны көбөйгөндүктөн, айрым айыппулдарды көбөйтүү сунушталууда.
Айдоочулар атайын каражаттардын же материалдардын жардамы менен мамлекеттик номерлерди жасатып алып, колдонушат. Аны камера аныктай албай калат.
КРдин Эреже бузуулар кодексинин 121-беренесинин төртүнчү бөлүгүндө мамлекеттик жасалма номер таккан айдоочуга бешинчи категорияга чейин айып пул салынат. Ал 10 миң сомду түзөт.
Анткен менен жасалма номер менен жүргөндөр көбөйүп бара жаткандыктан ЖКККББ жоопкерчиликти күчөтүү максатында Эреже бузуулар кодексинин 121-беренесинин 4-бөлүгүн Жоруктар кодексинин 173-беренесине алмаштырууну сунуштады. Аталган беренеге ылайык, айыппул биринчи категорияга чейин каралышы ыктымал. Тагыраагы, чоңдор 20 миңден 30 миң сомго чейин төлөсө, жашы жете электер 5 миңден 10 миң сомго чейин төлөйт.
Aryba.kg