Расул Умбеталиев, эксперт: “Эң суук мезгил алдыда, ири авариялар катталат”
-- Кыштын узак күндөрү али алдыда. Жазга жакын электр энергиябызда оорчулуктар жаралбайбы? Токтогул суу сактагычында абал кандай?
-- 13-декабрда токсон түшүп, кыш мезгили башталды. Ошо күндөн баштап суук үч күн болду. Ал күнү электроэнергиянын колдонуу көлөмү 72,7 миллион кВт/саат же 3260 мВт түздү. Токтогул суу сактагычта суунун көлөмү 11 миллиард 169 миллион куб/метр, суунун агымы 664 куб. м/сек. болду. 14-декабрда электроэнергиянын колдонуу көлөмү 73.5 миллион кВт/саат же 3400 мВт түздү. Токтогул суусактагычта суунун көлөмү 11 миллиард 069 млн. куб/метр жана суунун агымы 797 куб.м/сек. түздү. 16-декабрда суунун көлөмү 11 миллиард 012 миллион куб/метр, суунун агымы 816 куб. м/сек. 18-декабрда суунун көлөмү 10 миллиард 917 миллион куб/метр, суунун агымы 719 куб. м/сек. болду.
Мындай суунун агымы кыш мезгилинде болуп турса, анда 2024-жылдын 1-апрелинде суунун көлөмү Токтогул суу сактагычта 6,5 миллиард куб/метрге азыраак болушу мүмкүн. Бул эң кооптуу көрсөткүч.
Эң суук мезгил алдыда. 8-январдан 18-февраль аралыгында чилде болот. Ушул убакта чоң, ири авариялар Кыргызстанда жана Орто Азия энергетикалык шакекчеде катталат. Кышкы суук мезгилде коңшу мамлекеттен Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Россиядан импорт электр энергия токтоп калышы мүмкүн. Анда КР энергетика министрилиги жалпы чектөөлөрдү жана өчүрүүлөрдү киргизгенге мажбур болот.
-- Көмүр маселеси да оор болчудай...
-- Көмүр маселеси өтө кыйын болуп жатат. Түндүктө Кабак көмүр өндүрүү ишканалар толук кандуу жакшы иштебей, элди, мекемелерди көмүр менен камсыз кылалбай жатат. Казакстан көмүрдү машина менен Кыргызстанга ташууга тыюу салган. Темир жол менен көпчүлук ишканалар алып келалбайт. Себеби, темир жол менен алып келиш үчүн бир эшелон вагон алып келиш керек, бул 45-50 вагон, көмүрдүн көлөмү 3,2-3,5 миң тонна болот. Чоң каражат керек, көпчүлүктө андай каражат жок. Көмүрдүн баасы тоннасына 4,7-6,5 миң болуп жатат. Жөнөкөй, карапайым эл андай баа менен жана көп көлөмдө сатып алабайт. Түштүктө көмүр ишканалар көмүрдүн баасын 5,4-12 миң сомго чейин көтөрүп салышты. Көпчүлүк көмүр казган мекемелер Өзбекстанга, Тажикстанга, Кытайга сатып жатышат.