Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акыйкатчы Мамытов өз милдетин аткара албай, нааразычылык жаратууда

Акыйкатчы Мамытов өз милдетин аткара албай, нааразычылык жаратууда

16-декабрь, 14:22
618 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Пенсионер” Токон Мамытовдун акыйкатчылык ишмердигине нааразы болгондор коомчулукта арбып баратат. Бул институт милдетин так аткара албай атканы, жарандардын укугун коргоодо активдүүлүгүн көрсөтө албаганы менен сынга кабылууда. 

Аз күн мурун саясатчы Равшан Жээнбеков Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайындагы кыйноолорду, суук болуп атканын баш коргоо чарасына келген учурда маалымдады. О.э. түрмөлөрдөгү жан кейиткен ар кандай көрүнүштөр да ЖМКларга байма-бай жазылууда. Учурда милиция, сот, дээрлик укук коргоо органдарына ишеним азайган чакта, дал ушул Токон Мамытов жигердүү ишмердиги менен көзгө көрүнүш керек эле. “Аты улук, супарасы курук” дегендей, омбудсмен ишин жетиштүү деңгээлде өтөй албаса, мындай мекеменин эмне кереги бар? Жок дегенде алган акчаларын актап, эл үчүн кызмат кылышса не? Негизи бул кызматка 60тан ашкан Токон Мамытов эмес, жаш, энергиялуу юрист-саясатчы келгенинде мамлекетибиз утмак беле? Айтор, эски кадрлар кайсы тармак болбосун артка тарта беришип, аягы жарга такалып бүтмөй болдук...


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер