Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Оппоненттер менен кандай күрөшүү керек? Садыр Жапаровго чабуул күчөдү

Оппоненттер менен кандай күрөшүү керек? Садыр Жапаровго чабуул күчөдү

08-январь, 01:15
1 602 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Шайлоо күнү жакындаган сайын Садыр Жапаровго сын пикир, компроматтар жана жалаа жапкандар да арбып кетишти. Баары кошул-ташыл. Бийлик үчүн күрөш жүрүүдө. Оппоненттер жөнөкөй адамдар эмес, саясый күрөштө такшалган лидерлер ат салышууда. Эмесе, кылчайнашуу дагы уланат.

Андыктан, Садыр Жапаров айланасын тазалоого, командасын жаңылоого муктаж. Эл астында үлгү көрсөтүүгө кадам ташташ керек. Бийликтин талапкери катары жаңы ачылыштарды күтөбүз. Тилекке каршы, Каныбек Иманалиев айткандай, Бакай, Төрөхан, Мелис ж.б. жандоочтору уят кылып келгени жалганбы? Бул жагынан коомчулуктун пикири жакшы болбой калганын кайда жашырабыз? Ошол эле Атамбаевге, кийин Жээнбековго кызмат кылган, талпак сымал тарпы чыккандар – “чимкирик” парламенттин 70 пайызы кошомат кылуу менен №1 талапкерге чуркап жүрүшөт. Мындайча айтканда, “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” партияларынан шайлоого аттанышкан эргулдар. Алардын ар бирине токтолсоң сөз көбөйүп кетет. Эң оболу, Садыр Жапаров президенттик кызматка шайланып калса, ошол “чимкириктердин” басымдуу көпчүлүгүнө кылмыш иштерин козготуп, мамлекеттен жегендерин өндүрсө, карапайым калк ыраазы болбойт беле? Казынага да эбегейсиз киреше түшмөк. Мындай эрдик жасалса, Садыр Жапаровду элибиз төбөсүнө көтөрүп кетет...

Андан аркы айыптоолорго келсек, Канатбек Исаев кесиптеши Жунус уулу Адыл аттуу депутаттын Кытайда төрөлгөнүн, ал жактын губернаторунун кызына үйлөнгөнүн, күйөө баласы чоң кызматта иштей турганын билдирип, жадагалса атасы өлсө да коңшу өлкөгө күмүлгөнүн айтты. (Туугандары ошол жакта). Жунус уулу Адылдын алты кабат имараты “мекенчилдердин” штабы, алтын, күмүш, жезге эки лицензиясы бар болсо, изилдей турган жеринин аянты 36 миң гектар экенин кошумчалады. Артында кытайлар турганын баса белгилеп. О.э. Таштанбек Кайназаров аттуу кудасы “Мекенчил” партиясы менен шайлоого аттанганын, “Мадина” базарында чет элдиктердин укугун коргогон бөлүмдүн башчысы болгонун эске салып, кытайлыктар менен иштешкенин бетке кармап, аны миграция саясатын жетектеген тармакка көтөргөнүн билдирди. Жогорудагы эки адамды жана Ат-Башыдагы логистикалык борборду ачууга чуркаган Эмилбек Абдыкадыровду “Мекенчил” партиясына байлап, жыйынтыгында, Канатбек Исаев аларды Садыр Жапаровдун жакын адамдары катары сыпаттады. Көпчүлүктө күмөндүүлүк жаралууда. Дал ушул жагынан жооп берип коюу учурдун талабы. 

Ток этери, Садыр Жапаровду карапайым калктын басымдуу бөлүгү колдоп турат, Кудай буюруп президент болуп калса, дээрлик адилеттүү, ачык башкарууга ыктап, ар кандай суроолорго, сын пикирлерге терикпей, булактын көзүн ачкандай тазалыкка умтулушу керек. Эң оболу, элдин тилегине жараша саясат жүргүзсө эле жаңылбайт. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер