Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ал үйдү көздөй кандай гана шашып келе жатты эле, өлүмгө учурады...

Ал үйдү көздөй кандай гана шашып келе жатты эле, өлүмгө учурады...

16-март, 12:09
2 732 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Түнкү саат экилерден өтүп калган. Телефон шыңгырады.

-- Кандайсың? Кандай отурасың, сүйүктүүм! - тааныш коңур үн.

-- Кандайсың? - Алима жылмайды.

-- Мен жок кантип жатасың? Мынча кеч чалды деп чочуган жоксуңбу?

-- Аа, жо-ок. Келе жатасыңбы? Аябай күттүрдүң го. Аябай сагындырдың...

-- Аз калды. Аз гана калды, эки-үч саат аралыгында үйдө болуп калам. Сүйлөшөлүчү, Алима. Он сааттан бери рулда келе жатып аябай чарчадым. Сенин сүйлөгөнүң жанымда отургансып, күч берип жатат.

-- Сүйлөшөлү. Жана да эч нерсе айткан жоксуң. Командировкаң кандай аяктады? Жаныңда сулуу кыздар болдубу? (Күлдү).

-- Ушундай да тамашалайсыңбы? Мен сени кандай гана жакшы көрөрүмдү билсең кана?   

-- Ошондойбу?

-- Ошондой да. Жумушум тууралуу сурасаң, ойлогон көп иштерим бүттү. Бул иштерден кийин аз да болсо айлык акым көтөрүлөөр деп сүйүнүп келе жатам. Өзүң жөнүндө айтчы, ден соолугуң кандай? Өзүңдү кандай сезип жатасың? Биздин Туюкбай курсагыңды тепкилеп жатабы?  

-- Тепкилеп жатат. Качан сенин үнүңдү укканымда тынчып, тыңшап калчу эле, азыр негедир мурдагыдан катуу тепкилеп жатат го... Эмне үчүн кеч чыктың? Жакшы эс алып эле эртең менен чыкпайт белең? Ишим деп канча күндөн бери жакшы эс ала алган жоксуң го? Эмнеге беймаал чыга бердиң?

-- Мейманканага чейин бардым. Жанына жеткенде кайра ойлонуп кеттим. “Жолоочунун жолдогусу жакшы” дедим. Сага тезирээк жетейин да. Жолдо сергек эле жакшы келе жаткам, анан негедир көзүм жабышып, абдан чарчаганым билине баштады. Уктап кетпейин да, анан сага чалдым.

-- Ии, мен корко баштадым. Бир аз токтоп эс алып алчы... - тү-үт... тү-үт... Негедир ортодо байланыш үзүлүп кетти. Алима Акбарга кайра-кайра чала баштады. Тү-үт... Тү-үт...   таптакыр байланыш жок. 

Арадан бир нече мүнөт өткөндө кайрадан телефон шыңгырады. Акбар чалып жатат. Ар кайсы жаман ойго жетеленген Алима сүйүнүп кетти.

-- Алло, Акбар, эмне болду? Чочуттуң го адамды.

-- Алло, саламатсызбы! Акбар Асангазиев сиздин кимиңиз болот? 

-- Эмне болду Акбарга?! Менин күйөөмө эмне болду?! Сиз кимсиз?

-- Кечириңиз. Кайрат кылыңыз, биз жолдогу эле адамдарбыз. Жол кырсыгы болуп кетти. Биз аябай аракет кылдык, бирок куткаралбай калдык...

-- Жок! Жо-ок, сиз жаңылышып жатасыз. Мен Акбар менен жаңы эле сүйлөшпөдүмбү? Сиз башка бирөөгө алмаштырып жатат окшойсуз... Чаташып калдыңыз окшойт... - Алима бакырып-өкүрүп ыйлап жатты. – Акбар, Акбар, мага жооп берчи?! Үн катчы, сен эки сатта үйдө болуп калам дебедиңби? – тү-үт... тү-үт... телефон кайрадан өчүп калды. 

-- Ишенбейсиңерби, Акбар менен эми эле сүйлөшпөдүмбү! Ал азыр келип калат... - Алима буркурап-боздоп ыйлап жатты...

Ал үйдү көздөй кандай гана шашып келе жатты эле. Үйгө эрте жетүүнү аябай каалап келе жатпады беле? Шашып атып, өлүмдү да байкабай калдыбы?

Махабат Мунарбекова

Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер