Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Оштон тепки жеген Жапар Ормонов Чолпон-Атадан “чүлүктөнөбү”?

Оштон тепки жеген Жапар Ормонов Чолпон-Атадан “чүлүктөнөбү”?

12-август, 09:00
611 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чолпон-Ата шаарына Жапар Ормоновдун мэр болгону талкууга “жем” таштады. Башынан репутациясы шектүү, булганыч иштерге аралашкан, билими, деңгээли төмөн кадрдын карьералык секирик жасаганын коомчулук жактыра берген жок. Ош шаардык кеңешинин төрагасы, вице-мэр катары иштегени маалым. Икрам Илмияновдун арты менен телчиккен, КСДПнын штабын жетектеген, бирок, бийлик алмашканда “куйругун” кесип кеткен жайы бар. 2020-жылы парламентке “Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкер катары чыккан. “Шайлоонун шайтан оюнунан” төңкөрүш оту тутанып, ал арада Жапар Ормонов Оштон таяк жеп, бети-башы канжалаганы жашыруун эмес. Толкундаган көпчүлүктүн арасынан зорго суурулуп чыгып, өмүрүн араң сактап калганы айтылат. Тилекке каршы, кечээги кылык-былыктарынан сабак албаптыр. Кайрадан саясатка, кызматка жанталашуу менен Чолпон-Ата, Бостерини башкара баштаган кербези. Бул эргулдун келгенине жергиликтүү тургундар нааразы экени каңкууланды. Улам бир бийликке жармашып, бет пардасын сыйрып кете берген кошоматчы, сабатсыздын амалына чек жокпу? Эки жыл мурун Оштон жели жакшы чыкпай калыптыр. Али да кеч эмеспи? Көрө жаталык. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер