Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улан Примов: “Мындай кырдаал болорун эч ким күткөн эмес”

Улан Примов: “Мындай кырдаал болорун эч ким күткөн эмес”

17-март, 19:30
574 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Улан Бердибаевич, жыл али ортолой электе баалар кескин өсүп кетти. Ушундай шартта инфляцияны кантип ооздуктаса болот?

-- Тийешелүү органдар, тактап айтканда, Улуттук банк, экономика министрлиги инфляцияны оозуктаганга болгон иш-аракетин жумшоолору керек. Чындыгында эле инфляция бат өсүүдө. Ошол эле учурда биз айлык акыларды, пенсия, жөлөк пулдарды ага шайкеш келтирүүгө аракет кылуубуз зарыл. Албетте, бул дүйнө жүзүндө болуп аткан процесс. Аны такыр эле ооздуктап коюш кыйын. Бирок, ошентсе да аны кайсы бир деңгээлде кармасак болот.

-- Инфляцияга каршы күрөшүүнүн бир чарасы катары бааларды жөнгө салуу сунушталып жатат. Бул өз кезегинде товарлардын таңкыстыгына алып келбейби?

-- Бүгүнкү күндө Россия менен Украинанын ортосундагы кризис бизге да өз таасирин тийгизүүдө. Экономика, азык-түлүк коопсуздугу жагынан. Эгер министрлер кабинети өз учурунда чараларды көрбөсө, чындыгында эле таңкыстык пайда болуп калышы мүмкүн.

-- Бюджет каралып жатканда ушундай жагдайлар эске алынды беле?

-- Жок. Чындыгында мындай кырдаал болорун эч ким күткөн эмес. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер