Абсаттар Сыргабаев четке сүрүлүп, Нурлан Сулаймановдун күнү тууганда

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевдин коллективде орду жок экенин кантебиз? Аталган мекемедеги көптөгөн бүйүр кызыткан кептер бугуп жаткандай. Убагы келгенде бул жагына өзүнчө токтолобуз. Азырынча бир кызык жагдайды баса белгилейли. Өзгөндө жол ачылып атса, министрден дайын жок, а жерди коррупцияга айыпталган Нурлан Сулайманов тейлеп жүрөт. Бакылдап маек берип, көпчүлүктүн кыжырын кайнатканын соцармактардан көрдүк. Жалпы кыргыз журту жакасын карманууда. Чындап эле Абсаттар Сыргабаев иштей албай, системадан четке сүрүлүп калса, баарын “минип алган” Нурлан Сулайманов жыргаган экен да! Ансыз да транспорт жана коммуникациялар министрлиги коррупцияга белчесинен батканы ачыкталды. Эсеп палатасы 2023-жылдагы бюджеттин аткарылуусу боюнча 5,7 миллиард сомдон ашык мыйзам бузууларды таап чыкканын жарыялады. Албетте, буга мурдагы жетекчи, азыркы Жалал-Абад облусунун губернатору Тилек Текебаев жооп берери калетсиз. Аны менен да иштешип калган “серый кардинал” Нурлан Сулайманов кайрадан “суудан кургак” чыгабы? Ал эми Абсаттар Сыргабаевдин “былыктары” убакыттын өтүшүнө жараша “аңкыса” керек...
"Азия Ньюс" гезити