Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айбар Султангазиев: “Жазында вирусту айтсам, “оозуңа таш” дешкен, эми жаңысы келүүдө...”

Айбар Султангазиев: “Жазында вирусту айтсам, “оозуңа таш” дешкен, эми жаңысы келүүдө...”

30-январь, 15:14
3 475 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саламаттык сактоо боюнча эксперт дүйнөнү каптаган коронавирустун коркунучтуу жактарын эске салды.

-- Ковид боюнча статистика жашырылып жатканын, айтылган цифрадан бир топ жогору экенин мурдагы маектерибизде айтып чыктыңыз эле. Эми чыныгы статистика боюнча 6500дөй адам каза болгону айтылууда...

-- Өткөн жылдын жай айларында эле “статистика туура эмес” деген маалыматтарды берип жаттык. Бул чындык болчу. Күнүгө моргдон канча адамдын сөөгү чыгып жатканы ачык эле көрүнүп турбадыбы. Айылдарда тааныш тууган-туушкандар бар, ошондо эле канча адамдын каза болуп жатканы белгилүү болчу.  Биринчиден, биздин өкмөт жашыруун жумуштарды өткөрүп жатты. Өз креслолорун кармап тургулары келишип, элди тынчытуу амалын көздөштү. Экинчиден, ковид менен пневмонияны бөлүп карашып, эл айтып баштаганда анан айла жок бирге санап башташты. Андан кийин Россиянын адистери келгенден кийин статистикабыз кайра өзгөрүп калды, 400-500 өлүмдү азайтып коюшту. 1700-1800гө жеткен цифра бир күндө эле 1300 болуп калды. “Ал статистикадан башка диагноз коюлгандар” деп алып салышты. 

“Адам инфаркттан өлдү” деп жазып коюп жатышат. Бирок, ал адам ковид менен оорубаса инфаркт болбойт болчу. Ковид менен ооруган үчүн жүрөк оорусу күчөп, анан каза болуп калды. Мисалы, дүйнө жүзүндө, Европада, Америкада ачык жазышат. Биздикилер жаап-жашырып, “бизде өлүм аз, биз мыктыбыз” деген жыйынтыкты чыгарышкан. Экинчи дагы бир чоң маселе – аймактарда өлүмдү изилдеп, моргго алып баргысы келбей, туугандарынын көбү сүйлөшүп, “башка диагноз коюп бергиле” деп жаздырып алышкан да. Динде ошондой маселе бар. “Адам өтүп кетти. Аллах алып кетти” деп коюшат. 

Үчүнчү жагы, статистиканы карасак, 2019-жылга салыштырмалуу алты жарым миң адам көбүрөөк каза болгон. Бирок бул жерди дагы башкача санаса болот, ковидден каза тапкандар алты жарым миңден дагы көбүрөөк болушу мүмкүн. Себеби, эки ай үйдө карантинде отурдук. Ошол убакта жол кырсыктары ж.б. өлүмдөр бир топ азайды. Ошондуктан менин оюмча, жок дегенде 7 миң же 7500дөй адам каза тапты. Официалдуу статистиканы карасак, азыр ковид менен ооругандардын саны 80 миңден ашты. Демек, ковидден ооругандардын 10%га жакыны өлүмгө учураган болуп жатат. Бирок официалдуу эмес илдетти жуктуруп ооруп чыккандар бир жарым, эки миллион адамга чамалады. 

-- Азыр комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгын, өлүмдүн чыныгы санын көрүп жатабыз. Жакындары каза болгондор менен медиктер чырдашууда. Сиз кандай пикирдесиз?

-- Канча адамдар өтүп кетти? Кан коё бербейт! Булардын каны үчүн сөзсүз бирөө жооп бериши керек. Эртең былыктардын баары чыгып каларын, чындык чыккан күн акыры келерин ойлошпойт. Сөзсүз буга жооп берүү зарыл.  Күнөөлүүлөр катары Космосбек Чолпонбаевди жана Мухамметкалый Абылгазиевдерди айтып жатышат. Бирок, 1-апрелден баштап бизде башка өкмөт, башка башкаруучулар болду. Алардын ичинде Аида Исмаилова, саламаттык сактоо министри болуп келген Сабиржан Абдукаримов сыяктуулар бар... 

Аларды дагы тыкыр изилдеш керек. Мунун баарын жасаган кимдер? Жакшы иликтөө шарт. “Жыйынтыгын чыгарып беребиз” деп жатышат. Эң негизги жумуш апрель айынан августка чейин болду. Ошол убакта ким иштесе, ошолор жооп бериши шарт.

-- Жаңы вирус дүйнөнү каптап келе жатат. Биз кооптонбой жаткандайбыз...

-- Өткөн жазда да ишенишкен эмес. Мен жазсам, “оозуңа таш” деп чыгышкан.   Вирусту эч ким беките албайт. Эч ким камай албайт. Илимпоздордун баары айтышууда. Биринчиден, ал сөзсүз бар. Экинчиден, ал келет. Таптакыр баарын жаап салсаң дагы азык-түлүк аркылуубу, айтор, каптайт. Июлда ооруп чыккандарда канча иммунитет бар, билбейбиз. Алты ай болсо, кайталап ооруй турган убак келди. Мурда жаштар азыраак ооруду. Эми башка категорияларга өтүшү коркунучтуу. Мектептер ачылып жатат. Бул сыноодон жеңил өтүшүбүздү тилеп отурам. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер