Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улан Сарбанов “табакташтары” менен 470 миң долларды “ап” эткенби?

Улан Сарбанов “табакташтары” менен 470 миң долларды “ап” эткенби?

21-октябрь, 11:21
1 098 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Аз күн мурун финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчилигине Улан Сарбанов дайындалды. Эрксизден эски күндөрдү эстейсиң да. 2005-жылы Аскар Акаевдин бийлиги кулап, төңкөрүштүн шарапаты менен жаңы мыкчыгерлер келбеди беле? Ошондо Мисир Ашыркулов, Медет Садыркулов жана Улан Сарбановго карата коррупцияга байланыштуу кылмыш иштери козголгону эсибизде. Убагында Баткен окуясына жардам катары жөнөтүлгөн 420 миң доллардын дайыны чыкпай, тергөө жүрүшүндө дагы 50 миң доллардын кошулганычы?.. Береги үч үлкөн чиновник “белгилүү себептер” менен камалбай калганы каңкууланган. Акырында Бакиевдер менен “соодалашып” кетишип, элдин ырыскысы кумга сиңген суудай эле жоголгонбу? Ошондо 470 миң долларды Ашыркулов, Садыркулов жана Сарбанов “ап” эткенби? Албетте, биз олуттуу суроолорду салдык. “Коррупция” беренеси боюнча канча жыл өтсө да жооп беришери мыйзамда көрсөтүлгөн. Эми кандай болот? Садыркуловдун көзү өтүп кетсе, Ашыркулов менен Сарбанов “сайрап” беришеби? Бул жагынан андагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров үн катабы ыя? “Же жабылуу аяк жабылуу бойдон” калабы? Таңгаласың, мамлекеттик жогорку кызматка тартып атканда өткөн чагын тыкыр иликтешип, андан соң чечим кабыл алышса не? Ушундай. Биз коомду тазалаган “санитардай” милдетти аткарып атабыз. Андан аркысына тийешелүү жогорку жетекчилик баа берсе керек. Эл да карап турат...

"Азия Ньюс" гезити

 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер