Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турсунбек Акун, укук коргоочу: “Соттордун канчасы коррупцияга малынганын эл жакшы билет”

Турсунбек Акун, укук коргоочу: “Соттордун канчасы коррупцияга малынганын эл жакшы билет”

26-октябрь, 22:20
643 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Турсунбек агай, өтө оор кылмыштарга өлүм жазасын киргизүү маселеси көтөрүлө баштады. Чындап өлүм жазасы кире турган болсо, Конституция өзгөрүүгө муктаж болуп калбайбы? 

-- Өлүм жазасын киргизебиз десек, 2020-жылы кабыл алынган Конституцияны өзгөртүүгө туура келет. Эгер Конституция өзгөрсө, эл референдумда кабыл алган президенттик башкаруу эмес, авторитаризмге багытталган беренелер кирип кетүү коркунучу бар. Өлүм жазасын шылтоолоп, башка ага тийешеси жок беренелер да кирип кетиши мүмкүн деген кооптонуу бар. 

Негизи чектен чыккан мыкаачылар көбөйүп кетти деп өлүм жазасын киргизгенибиздин пайдасынан зыянын көп тартып калышыбыз мүмкүн. Себеби, эл аралык уюмдардын конвенциялары да өзгөрүп, будуң-чаң эле түшүп калабыз. Чалмакей чалгандан көрө, бийлик кыйын болсо, бир канча кыздын өлүмүнө себепкер болгон жигитти кайсы соттор чыгарып жибергенин иликтеп, жазалап, зөөкүр жигитти өмүр бою кесиш керек. 

-- Эгер чындап өлүм жазасы киргизиле турган болсо, ал оор кылмыш кылгандарга эле колдонулушу керекпи же коррупционерлерди дагы өлүм жазасына тартыш керекпи?

-- Азыркы бийлик өлүм жазасын киргизүүнү чындап каалап жаткан болсо, оор кылмыш кылгандарга эле эмес, коррупционерлерге, тагыраагы, мамлекетти тоноп, элдин ырыскысына кол салып, өлкөгө эбегейсиз зыян келтиргендерге да өлүм жазасын киргизүүнү сунуш кылам. Ошондо азыркы бийлик коррупцияга каршы чыныгы күрөшкөн болот эле.

-- Бул деле зөөкүрлүк күчөгөндөн улам чыкты окшойт. Адам айбандыкка барбаш чүүн эмне кылыш керек?

-- Элге жагыш үчүн өлүм жазасын киргизиш керек!” деп кыйкыргандан эч кандай пайда жок. Адам айбандыкка барбаш үчүн тарбияны үй-бүлөдөн, бала бакчадан, мектептен башташы керек. Тагыраагы, концепция жазып, аны үйдөн, бала бакча, мектеп, жалпы эле коом ишке ашырышы керек. Кыскасы, бул маселенин үстүндө президент баштап иштеши зарыл. Айтайын дегеним, ошондой оор жумуштан качып, бир эле адамды өлүм жазасына тартыш керек деген менен кылмышкерлер тыйылып калбайт, күчөйт. Ошон үчүн жогоруда айткандай концепция жазып, аны баарылап ишке ашырсак гана оң натыйжа берет. 

-- Кыргызстандан өлүм жазасы качан, кимдердин аракети менен алынган?

-- Укук коргоочулар, эркин ойлонгон граждандык коомдун өкүлдөрү 1998-жылдан 2007-жылга чейин өлүм жазасын алып салуу үчүн күрөштүк. Акыры мыйзам кабыл алынып, өлүм жазасы алынып салынды. 2010-жылы эл аралык факультативдик протокол кабыл алынып, өлүм жазасы жокко чыкканМындайча айтканда, өлүм жазасын азап менен жокко чыгарганбыз. 

Өлүм жазасын демилге көтөрүп жаткандар өлүм жазасы бар 60тан ашык мамлекеттеги кылмыштуулук эмнеге көп?” деген маселени дагы көңүл борборлоруна алып, статистикасын карап коюшса болмок. Анткени, өлүм жазасы жок мамлекеттерде кылмыштуулук аз болгон учурлар көп. Кыргызстанда дагы өлүм жазасы алынгандан баштап, кылмыштуулук азайган. Кайра киргизсек көбөйүшү мүмкүн. Кылмыштуулук өлүм жазасын киргизип, бир айбанды жазалап койгон менен чечилбейт. 

Президент Бириккен Улуттар Уюмунун трибунасынан “Кыргызстанда адам укугун сыйлайбыз. Бизде граждандык коом өнүккөн, сөз эркиндиги бар” деди. Эми өз билгендерин кыла бербей, граждандык коомдун өкүлдөрүнүн дагы пикирлерин эске алышы шарт. Кыргызстан демократиялык укуктук мамлекет болгон үчүн бул маселени жети өлчөп, бир кескенибиз оң. Бул оңой иш эмес, кеминде эки жыл талкуу болушу керек.

-- Өлүм жазасын киргизүүгө соттор даярбы?

-- Биз эмес, соттор да даяр эмес. Соттордун канчасы коррупцияга малынганын эл жакшы билет. Анан ошолор адилеттүү чечим кабыл алабы?! Кайдыгер сотторго адамдын тагдырын салып беребизби?! Киши өлтүрбөгөн адамды өлтүрдү деген чечим чыгарса, ошол нерсе аткарылышы керекпи? Өлүм жазасын киргизерден мурун сотторду, юристтерди окутуш керек. Алар абийир алдында дагы таза болгудай болуп иштеши шарт. Ошондой эле алардын билими, аракети эл аралык стандартка дал келиши керек. Тилекке каршы, бизде адам өлтүргөн адамды акчанын күчү менен актап, күнөөсү жок адамды өлтүрдү деп деле коё берген соттор бар. Алардын чечими менен бейкүнөө адам атылып кетпейби? Ошон үчүн президент бул маселеде шашпай, ак-караны ажыратып, кеңири талкуу кылышы зарыл.

-- Сиз өлүм жазасын киргизүүгө караманча каршы болгонуңуз менен аны колдогондор деле чекеден чыгып жатат го?

-- Туура, өлүм жазасын колдогондор көп. Өлүм жазасын колдогон адамдар мен сыяктуу 59 мамлекетти кыдырып, бул маселе боюнча 20 жыл бою тынбай иштеп, дүйнөлүк статистиканы караган жок да. Карапайым элде маалымат жок. Анан бийлик карапайым адамдардын сезимине ойноп, алардын колдоосу менен жакшы кабыл алган чечимди кайра бузганы жатат. Мен 1990-жылы ошол кездеги президент Аскар Акаевге кирип жатып, эл мени колдоп, 1990-жылы Ош окуясы боюнча негизсиз өлүм жазасына тартыла турган Кыясов, Калматов, Назарматов деген үч кыргыз жаранынын чечимин буздуруп, өлүмдөн алып калган элек. Болбосо, алар атылып кетмек. Мына ушундан баштап мен өлүм жазасын алып салуу жана ал жазаны өмүр бою түрмөгө отургузуу менен алмаштыруу үчүн күрөшүп, акыры ийгиликке жеткенбиз. Биздин чечимди парламент, аткаруу бийлиги, көпчүлүк жарандар, дүйнөлүк коомчулук колдогон эле. Эми бүткөн ишти бүлүнтүүнүн кандай зарылчылыгы бар?..   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер