Нарис Калчаев: “Кумтөрдү банкрот деп таанууга мүмкүн эмес”
-- АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин жанында сиздер баштаган активисттер Кумтөр ишинин сот процесстери маселеси боюнча акция өткөрдүңүздөр. Бул акцияга Кыргызстандын соттон утулуп калуу коркунучтары себеп болдубу?
-- Нью-Йоркто “Центерранын” доосу каралып, ал Кумтөрду банкрот деп таануу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Биз бул иштин адилеттүү каралуусун суранып, ушундай акцияга чыктык.
Бирок, ал соттун экологиялык маселелерге эч кандай тийешеси жок. Экологияга келтирген зыяндар боюнча биздин мыйзамдардын негизинде жооп беришет. Алар биздин соттордун чечимдердин жокко чыгара алышпайт. “Центерра” болгону экономокалык, юридикалык маселелер менен гана сотко кайрылышы мүмкүн. Кумтөр Кыргызстанда каттоодон өткөн компания. Аны банкрот деп таанууга мүмкүн эмес. Анткени ал кирешелүү болуп, толук кандуу иштеп атат.
Мээрим Асанова