Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму: “Карантин кайрадан жарыяланышы мүмкүн”

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму: “Карантин кайрадан жарыяланышы мүмкүн”

15-сентябрь, 17:11
627 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коронавирус пандемиясынан улам дүйнөдө карантин кайрадан жарыяланышы мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Аданом Гебреисус ДССУнун Европадагы регионалдык бюросунун сессиясында айткан.

"Биз көптөгөн адам өмүрүнөн, экономикабыздан айрылдык. Дүйнөлүк экономика коркунучта болуп жатат. Пандемия көптөгөн өлкөлөргө катуу таасир этүүдө.

Учурда оорулардын күнүмдүк саны март айындагы эң жогорку мезгилге салыштырмалуу көп. Каза болгондордун саны дагы жетиштүү деңгээлде кала берүүдө. Ар бир өлүм – бул трагедия. Эгерде вирустун таралышына тоскоолдук кылбасак, анда адамдар өлөт. Толук карантинди кайрадан киргизүү коркунучу бар" деген Гебреисус.

Кечээ, 14-сентябрда дүйнөдө пандемия башталгандан бери сутка ичинде коронавирус аныкталгандардын рекорддук көрсөткүчү катталгандыгы кабарланган.

“Супер кж”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер