Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Москва 28-октябрда карантинге жабылат

Москва 28-октябрда карантинге жабылат

25-октябрь, 17:07
404 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Россиянын алты регионунда бүгүнтөн тарта коронавирустун жайылуусун алдын алуу максатында бош күндөр башталды. 20-октябрда президент Владимир Путин 30-октябрдан 7-ноябрга чейинки жуманы эс алуу деп жарыялап, бирок жергиликтүү бийликтерге эпидемиологиялык кырдаалга жараша аны узартуу же кыскартуу мүмкүнчүлүгүн берген.

Бош күндөрдө ишкана, кеңселердин көбү жабык болот. Оорукана, дарыкана, азык-түлүк дүкөндөрү кандимкидей режимде иштей бермекчи. Көпчүлүк коомдук жайларга QR-код менен гана кирсе болот. Айрым аймактарда улгайган кишилер милдеттүү түрдө обочодо болууга тийиш.

Москвада 25-октябрда жаңы чектөөлөр кирди. Мэрдин буйругу менен 60тан ашкан тургундар жана өнөкөт оорулары бар кишилер үйдө отуруш керек. Бул чектөө эмки жылдын 25-февралына чейин иштейт. Бирок эреже акыркы жарым жылда коронавирустан айыккандарга жана толук эмделгендерге жайылбайт. Ишканалардагы кызматкерлердин 30%ы аралыктан иштөөгө өттү.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер