Акыркы кабарлар
» Саясат » Эртең президенттик шайлоо болсо Нуржигит Кадырбеков озуп чыгабы?
Эртең президенттик шайлоо болсо Нуржигит Кадырбеков озуп чыгабы?
08-июль, 17:39

Кийинки президент түштүктөн болорун айтышып, Текебаев же Ташиевди болжоп жатышканда, орто жерден Нуржигит Кадырбековдун рейтинги өсүп, картаны буза баштаганы кандай? “Ыйман Нуру” партиясынын динчил күйөрмандары көбөйүп, катары күн санап калыңдап, популярдуулугу артып баратат. Негизи Нуржигит публикада ойногонду кыйын билет, оратор, элдин маанайына жараша сүйлөп, өлкөдөгү саясый кубулуштардан дайыма упай алууда. Министр, депутат, фракция лидери катары тажрыйба топтоп, бышып турган маалы. Эртең президенттик шайлоо болсо, баш оору жаратчу, алдыга озо турган талапкер катары суурулуп чыгары шексизби? Дээрлик республикадагы динчил катмар түндүк-түштүккө бөлүнүшпөй, жалпы колдошот эмеспи..."Азия Ньюс" гезити











