Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Митингдерге “дирижерлук” кылууну кыялданган “чыйпыт генерал”

Митингдерге “дирижерлук” кылууну кыялданган “чыйпыт генерал”

08-октябрь, 21:29
1 580 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Изкубарлар Сыймык Жапыкеевдин 17-сентябрга чейин Раиса Атамбаевга жолугууга аракет кылганына кызыгышып, туулган күндө өтө турган митингге кошулуу боюнча “соодалашууну” тактай албай коюшканбы? Бул жагынан кыйла кызыгуулар жаралыптыр. Ал эми биздин маалыматтардан алганда, бийликке нааразычылыгын айтып жүргөн Сыймык Жапыкеевдин амалы алты эшекке жүктөй эле сезилди. Дегенибиз, “чыйпыт генералдын” былтыркыдай рейтинги болбогону, коомчулуктан көп кагуу жегени белгилүү. Мындай шартта таасирдүү оппозициялык күчтөрдүн жоктугу өкүндүрүп, дүрбөлөң салууга бир гана Алмазбек Атамбаевдин шансына ишенип, жашыруун түрдө тарапташтары менен сүйлөшүүгө барганы ачыкталабы? Күзгү митингдер ишке ашпай калган соң, эми парламенттик шайлоонун нааразычылыктарын алдыртан болжоп жатыптыр. Бирок, төңкөрүштөн кийин финполицияны жетектеген Сыймык Жапыкеевдин иши менен сөзү айкашпаганы, саясый чөйрөдөн ордун таба албаганы аксатууда. “Жер ээн болсо доңуз дөбөгө чыгат” дегендей, былтыркы пандемиядан атын жасаганы менен реалдуу турмушта эч ким эмес экенин көрдүк. Кайрадан митингдер башталса, “дирижерлук” кылуу амалын тилектештерине айтып жүрөбү? Эл кабыл албай турганын сезбейби? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер