Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Райым Матраимовдун жубайын жылдызга айлантышууда. А кеп төркүнү башкада...

Райым Матраимовдун жубайын жылдызга айлантышууда. А кеп төркүнү башкада...

20-декабрь, 00:59
3 270 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Жамандын коногу бийлейт” дегендей, соңку жылдары эл аралык уюмдар, алардын жактоочулары, “гранд жегичтер”, Лу сыяктуу элчилер кыйынсынышып, Кыргызстандын ички саясатына киришкени ырбады. Ультиматум койгонго чейин барышууда. Алар маалыматтык талаада саткын журналисттерди каржылашып, чектен чыгып баратышканы жалганбы?

Райымбек Матраимовго асылгандары аз келишкенсип, анын жубайын да жамандаганга үлгүрүшүүдө. “Жарымы төгүн, жарымы чын, жарандардын көөнү үчүн” демекчи, Уулкан Тургунованын сүрөттөрүн ар кандай ракурста көрсөтүшүп, кызыктуу интерьерди тандашканга чейин убара болушат. Дубай, деңиздеги яхта, Ысык-Көлдүн жээги, эс алуучу жайлар ж.б. шөкөттөлгөн кооздуктарга байлыкты жармаштыруу менен жомок дүйнөсүнүн картинасын чагылдырышканычы? Эң башкысы, будамайлоого болгон тынымсыз аракет байкалат. Божомолдор. Мындай жандалбастоого бир канча чет элдик уюмдар, батыштан “жем жеген” журналисттер киришүүдө. 

Биздин кабарыбыз боюнча Уулкан Тургунова көп жылдардан бери бизнес менен алектенет экен. Эмгек кылуу – акыбеттин башаты эмеспи. Баса, үч ырды созуп койгон ырчы, же “Дордойдо” эки контейнери бар аялдын деле чет өлкөлөп эс алганы жаңылык эмес. Элиталык үйлөрдү алуу да азыркы заманда ачылыш болбой калган. Ким иштесе үзүрүн көрөрүн билебиз. Бул жерде баягы эле каралоо кампаниясы уланууда. Кыргызстанда Уулкан Тургуновадан бай, ишкер аялдар толтура. Бирок, алар боюнча жазуу, атайылап жасалма видео-материал даярдоо кызыксыз. Эмне үчүн? Себеби, еврейлердин тымызын багыты ушундай: улут үчүн күйгөн, динин урматтаган, элине кайрымдуу Райым Матраимовду көнгөн адаттарынча “бутага” алып алышкан. Борбор Азия болобу, жер шарындагы кайсы мамлекет болбосун, өз аймагында кадырлуу адамдарды дүйнөнү багындырууга далалат кылышкан “түлкүлөр” жактырышпайт, каралоо менен элине жек көрсөтүүнүн миң түркүн амалдарын ойлоп табышат. Ошентип, бузукулар өлкө ичине ырк салууга киришери белгилүү болуп калышты го? Ал эми карапайым адамдар баео келишет да, ишенип калышат, ары жагында кандай саясат былгып жатканын аңдашпайт деле... Мына, кептин төркүнү ушул жакта... 

Кайсы заман болбосун, кыргыздын тыңчыкмалары "төө бастыга" кабылып келишкен, мезгил баарын өз ордуна коерун да унутпайлы!


Aryba.kg  

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер