Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эл жазуучусу Асан Жакшылыков негиздеген “Элдик китепкананын” адымы

Эл жазуучусу Асан Жакшылыков негиздеген “Элдик китепкананын” адымы

10-август, 15:42
592 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Мамлекет мага эмне кылды?” деп эмес, “мен мамлекет үчүн, кыргыз элинин келечеги, өсүп-өнүгүп, дагы далай доорлорду карытып жашашы үчүн эмне салым кошо алдым?” деп жашай турган, ич дүйнөбүздү ачып, аңтара сала турган, акыл-эсти калчай турган күнгө келип турабыз бүгүн. 

Кудайдын кулагы сүйүнсүн, бул жаатынан бир топ алгылыктуу иштер болуп жатат. Алардын бири Кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыков агай негиздеген "Элдик китепкана" клубу чоң бир бурулуш алдында белсенип турат. Кечээ күнү клубдун мүчөлөрү Асан Жакшылыков, акын эжекебиз Бүбүсара Аруужанга окшогон улуулардын ак батасы менен ишин баштады. Ишти мындан ары кандай алып кетүү боюнча баалуу кеп-кеңештерин угушту. 

Кайыркүл Надырбекова, Жумадин Кадыров, Айгүл Тоголокова, Мээрим Сейдилкан, Жылдыз Орозалиева жана башка көкүрөгү идиректүү жаштар улуулар жол көрсөткөндөй ынтымак менен биргеликте билек түрүнүп ишке киришти. Буюрса, “Элдик китепкананын” келечеги кең. Ар бир облус, ар бир район, ар бир айылда миңдеген китепканалар ачылып, тарыхыбызды, түпкүлүгүбүздү таанып, руханий жандүйнөбүз байып, дүйнөнү даанышмандыгы менен багындарыган ата-бабаларыбыздын жолун жолдой алабыз деген зор ишеничибиз бар! Ак жол!


Динара Бейшеналиева 


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер