Саясаттан жыдыган Акылбек Жапаровдун абалы оор бойдон калууда
Партиялар жолотпой койгонбу, айтор, Акылбек Жапаров быйылкы парламенттик шайлоого катышкан жок. Ал “бөрү карысын жекелейт” болуп, 2005-жылы парламенттик шайлоодо 86 жаштагы Турдакун Усубалиев менен чатакташып, андан мандат талашып, шайлоодо ок атылып, “Кочкордо бир жигиттин калтасын тешип кетиптир” дешип, сыягы, Акылбек ызы-чуу менен депутат болуп келип, шымаланып, Курманбек Бакиевдин камчысын чаап, “Ваше превосходительтво!” деп ага жүгүрүп да, жүгүнүп да кызмат кылган.
Ошол кезде журналисттерди чайга чакырып, “мактап койгула” деп өзүнүн аброюна “кам” көрүп жүрчү. Андан кийин парламенттин “дүжүр” депутатына айланып, “Жапаров деген атты таза сактайм” (аны качан эле булгап койгону менен иши жок) деп өзүнөн өзү көтөрүлүп сүйлөп, “журналисттер ким акча берсе ошого сатылат” деп жылан чакпай, жылкы теппей, баарына тийишип, айтор, эсиргенинен оозуна алы жетпей калган...
Анан эле бир күнү “Жээнбековдорго Акылбек Жапаров куда болгону калыптыр” деген каңшаар тараган кезде теледен “азыркы акылым болгондо мандатты Усубалиевге жөн эле берет болчумун” деп салабаттуу сүйлөгөнүн угуп калдык. Ошондо элдин көбү “Акылбекке эми акыл кире баштаган турбайбы” деп ойлоп калышкан. Андан көп өтпөй эле Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракеси болуп калды. Кочкорлуктар Аскар Салымбеков Нарынга Усубалиевдин эстелигин тургузду, “Акылбек эч нерсе кылбай койду” дешип нааразы болуп, жерге түкүрүштү.
Акылбек Жапаров элге канчалык жаман көрүнгөнү – ал президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровго кеңешчи болуп дайындалганда билинди го. Элдин баары жаман көрөт экен, интернет желесинде нааразылыгын билдиришти. “Атаңа кылганды балаңан көрөсүң” дегендей, жаш саясатчы Темирлан Султанбеков Акылбек Жапаровду “Азаттыктан” көкбөрү тартып кетти. Акылбектин чычалап жооп бергени шоона эшпей калды. Саясаттан жыдыган Акылбек эми эмне кылар экен?
"Азия Ньюс" гезити