Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Артымдан чуркаган балдар көп, тойду таштап кетип калсам...
Артымдан чуркаган балдар көп, тойду таштап кетип калсам...
07-декабрь, 12:00
529 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Көп жылдан бери сүйлөшүп жүргөн жигитим экөөбүз жакында баш кошмокпуз. Кайра-кайра үйгө жуучу келгенин жигитиме айтсам, “үйлөнөлү” деди, бирок көңүлү жок эле үйлөнүп жактандай. Өзү эч кандай аракет кылбайт, тойго да даярдангысы келбейт, айткан сөзүнө да такыр турбайт. Мурда мындай эмес эле. “Сүйлөшөлү” десем эле менден качып, “жумуштан колум бошобой жатат” дей берет. Ал мага көп суммада акча карыз болчу. Эмне кылам? Күн сайын көңүлүм калып баратат. Артымдан чуркаган балдар көп, көзүмдү жумуп кетип калгым келет, бирок ата-энем тойго даярданып алышкан...
Зуура
"Азия Ньюс" гезити