Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жакында Өмүрбек Текебаев кызматка барабы?

Жакында Өмүрбек Текебаев кызматка барабы?

13-январь, 16:30
1 048 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Айрым билермандар тарабынан “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кызмат берүү идеясы көтөрүлүп, акыл калчанып калгандай. Ишке ашарын азырынча айтуу эрте. Себеби, былтыр Германиянын элчилиги чечилип, агреман келгенден кийин Өмүке айнып кеткен. Андыктан, бул жагынан этияттап мамиле кылышары анык. Негизинен оппозициянын көрүнүктүү лидерлери менен бийликтин кызматташуусу туура. Көч башында Текебаев тургандан кийин, аксакал курактагы каарманыбыздын тилин таап, жумшартып, кепке келтирсе эмнеге болбосун? Жакынкы жылдары шайлоолор жок, президент Садыр Жапаровдун саясаты туруктуу нукка бурулду. Кыйшаңдап, мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтире тургандар камалары ажеп эмес. Мындай шартта Өмүрбек Чиркешович билимин, тажрыйбасын мамлекеттин өнүгүшү үчүн бурса, элибиз деле туура түшүнмөк. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер