Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Калыбек Айтмырзаев: “Шаар мэри №9 СДЮШОРдун директоруна чара көрсүн!”

Калыбек Айтмырзаев: “Шаар мэри №9 СДЮШОРдун директоруна чара көрсүн!”

20-январь, 01:44
787 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

ФИДЕнин (эл аралык дүйнөлүк шахмат федерация) улуттук калысы, көз карандысыз шахмат оюну боюнча машыктыруучу Калыбек мырзанын күйүтү ташты жарып турган учуру экен. 

-- Калыбек, биздин билишибизче, көкүрөктү өйүткөн күйүтүң бар экен. Ушунун таржымалына токтолсоң?

-- Буга чейин ордо калаабыздын Ленин районуна караштуу балдар, өспүрүмдөр спорт мектебинде мугалим-машыктыруучу болуп эки жылдай иштегем. Ал жерде жыйырмадай машыктыруучу бар. Жаңыдан иштеп баштаган маалда КР шахмат федерациясы менен карым-катнашта абдан жылуу мамилебиз бар болчу. Спорт мектептин директору Махмуд Джумазов түздөн-түз кайсы гана турнир болбосун колдоо кылып келген. Анан эле жылан чакпай, жылкы теппей, бир учурда менин ишмердигимди белгисиз себептерден улам сындай баштады. 

-- Эмне деп? 

-- Каршы тукура баштады. “Эмне себептен шахмат федерациясына бардың? Ал жака эмне үчүн баргандыгың жөнүндө мен билишим керек” деген сыяктуу сөздөрдү айткан. Күн болобу, түн болобу, телефон чалып алып эле сурай берчү. Бул эми менин жумуштан тышкаркы убактымда ушинте берчү. Шахмат термини менен айтканда, “пешкага” айландырып салды. “Тиги жакка баспа, бул жакка бас” дегендей. Жаман сезимдер жүрөгүмдү аралап, кыйнала баштадым. “Бу жерде кандайдыр бир сыр болсо керек” деп, өз алдымча иликтөөгө өттүм. Шахмат үйрөнүп аткан балдардын ата-энелеринин бирине биздин директорубуз мен жөнүндө “каяктагы наабайчыны адашып алып келип алып иштеткен экенбиз” дептир. Бул сөз мага катуу тийди. 

-- Чын эле наабайчы белеңиз?

-- Убагында нан жаап иштегеним анык, танбайм. Шахматчы деген кесип жок. Ар бир акыл-эс оюндун чебери шахмат менен жан бакпайт. Сүйгөн кесиби, иштеген иши болот. Шахматты катарлаш алып жүрөрү бышык. Мейли наабайчы болгондурмун, бирок мектептин директору, анын деңгээли кол алдындагы машыктыруучуну ата-энелер алдында аброюн түшүрүп, антип кемсинтпеш керек эле. Көпкө чыдап жүрдүм, ызам көкүрөктү тээп кетти да, ошол директордун мага карата айткан мазактоо сөзүнө жооп кылып, өз ыкласымда арыз берип жумуштан кетип калдым. 

-- Мектеп директору шахмат боюнча тереңден түшүнүгү бар, адискөй адамбы?

-- Аны адискөй, шахматты тереңден билген адам катары айтуудан такыр алысмын. Эгер түшүнүгү бар адам болсо жанагындай сөздөрдү менин дарегиме айтат беле? Айтмак эмес. Сиздер аркылуу шаар мэри Азиз Суракматов мырзага кайрылып кетет элем, “биздин №9 СДЮШОР мектебинин директоруна чара көрүңүз же кесипкөй адамды кызматка тартыңыз!” деп.

-- Сиздин кайрылууңузду шаар мэри эп көрүп, директорун алмаштырса, жумушка кайра барат белеңиз?

-- Сөзсүз бармакмын, ак дилимден ишимди улантмакмын.         


Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ 

Aryba.kg 



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер