Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Темир Сариев тергөө абагында калтырылды

Темир Сариев тергөө абагында калтырылды

25-август, 11:47
1 523 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылды. Мындай чечим 25-августта Бишкек шаардык сотунда кабыл алынды.

Сариевдин жактоочулары аны үй камагына чыгарууну өтүнүшкөн, ушундай эле талап менен соттун алдында жүз чакты тарапкери митинг өткөргөн.

УКМК Кумтөрдөгү жагдайды текшерүү боюнча 2012-жылы түзүлгөн мамлекеттик комиссияны жетектеген Сариевди “Кумтөр кениндеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан” деген айып менен 3-августта кармаган. Соттун чечими менен ал эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган.

Адвокаты Тимур Султанов Кумтөрдөгү экологиялык зыянды Сариев эмес, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча тийиштүү мамлекеттик орган аныктаганын, Сариев жетектеген комиссия ишин ачык жүргүзгөнүн, курамында парламент депутаттары, адистер, көз каранды эмес эксперттер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү болгонун, анын корутундусуна учурунда Жогорку Кеңеште өтө жогору баа берилгенин билдирген.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер