Акыркы кабарлар
» Коом » “Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү кайда жатканы белгисиз, урпактары бук болуп келебиз”
“Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү кайда жатканы белгисиз, урпактары бук болуп келебиз”
13-апрель, 12:04
662 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Тоолуу элибиздин карт тарыхында советтик мезгил өзгөчө орунда турат. Эгерде жергебизде совет бийлиги орнобогондо, бүгүнкүдөй көз карандысыз мамлекет боло албай, калкынын саны бизден бир топ көп уйгур, күрд, цыгандарга окшоп арманга батып жүрмөк элек. Тарыхты канчалык өгөйлөбөйлү, биз отурукташып, илим-билимге, маданиятка умтулуп, сабатсыздыгыбызды жоюп, планетабыздагы кадыресе өлкөлөрдүн катарына кошулганыбызды тана албайбыз.
1889-жылы Россия империясынын Фергана облусундагы Охна кыштагында кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган Абдыкадыр Орозбеков Кыргызстанда совет бийлигин орнотууга, басмачыларга каршы күрөшүүгө, жаш мамлекетибизди өнүктүрүүгө активдүү катышкан залкар инсандардын бири болгон. Ал апасы Темиржан эне менен Фергана өрөөнүнө барып, жаштайынан байларга жалданып иштеп, жумушчу табынын катарына кошулуп, революциялык кыймылга берилүү менен Скоблев, Анжиян, Кокон, Маргалан шаарларындагы митингдерге, нараазычылыктарга катышып, өз оюн чечкиндүү билдирип, кийинчерээк ошол республиканы жетектешкен Юлдаш Ахунбабаев, Хамракул Турсункулов баштаган өзбек агайындары менен достошуп, орус аскерлери менен байланышып тил үйрөнүп, сабаты, көзү ачылып, туура, акыйкат жолду тандап алган. Ал революцияга чейин эле Ферганадагы Гапур Шакиров, Кокондогу Исмаил Капкаев, Скоблевдеги Янулов деген байларда наабайчы катары иштеп, нан таап, акырындап жумуштун оордугун, айлыктын аздыгын айтып, турмушка сергек карай билген. Анын пикирин, көз карашын башка жумушчулар да кызуу колдошуп, нараазычылыктарга чыга башташкан. 1918-жылдын 6-августунда большевиктер партиясынын катарына өткөн. Лениндик мына ушул партиянын идеясына ынанып, чымыр денелүү, сөөлөттүү, максатынан кайтпаган Абдыкадыр Фергана өрөөнүндөгү Чимион, Үч-Коргон, Маргалан кантондук революциялык комитеттерин башкарып, жумушчу-дыйкан бийлигин орнотууга жаштык жигерин, бардык күч-аракетин жумшаган. “Кошчу” союзунун бөлүмүн, жолбашчыбыз Лениндин ысымындагы жардамдашуу фондун биринчилерден болуп уюштурган. “Ак-Арык” чарба коммунасын жана андагы большевиктердин ячейкасын түзүп, карапайым элет калкын жаңы заманга баштаган.
Эң башкысы, Абдыкадыр Орозбековдун чечкиндүү катышуусу менен ВЦИКтин экинчи сессиясынын 1924-жылдын 14-октябрындагы токтому менен кара кыргыздардын жумушчу-дыйкандарынын, жалпы калкынын үмүт-тилеги орундалып, РСФСРдин курамындагы Кара-Кыргыз Автономиялуу облусун уюштурууга чечим кабыл алынган. Бул биздин элдин турмушундагы унутулгус тарыхый, саясый окуя, үлкөн майрам эле. Анан тагдыр, буйрук экен, эч кайсы каршылаш топторго, саясатчыларга, жердешчилерге кошулбаган А.Орозбеков Москвадан келген большевиктердин сунушу менен Тоолуу Кара-Кыргыз облусунун жумушчу-дыйкан жана солдат депутаттарынын аткаруу комитетинин төрагалыгына шайланат. Кийинчерээк Жусуп Абдыракмановду Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар кеңешинин төрагалыгына дайындоо жөнүндөгү токтомго кол койгон. Касым Тыныстановду Эл агартуу министрлигине, Төрөкул Айтматовду Жалал-Абаддын акимдигине дайындаган.
Ал сабатсыздыгын жоюп, Фергананын жанында Чек-Шоро деген жерде солдаттар менен баарлашып жүрүп орусчаны үйрөнгөн, андан кийин Ташкент шаарындагы ВКПбнын Борбордук Комитетинин алдындагы Орто Азиялык бюросундагы үч айлык партиялык-советтик курулуштун курсунан жоюп, жакшынакай билим алган.
Абдыкадыр Орозбеков ичкилик кыргыздардын жоокесек уруусунан чыккан. Санжырасы мындайча: Орозбек, Абдырахман сопу, Каландар, Элчибек, Гайыпназар, Кырк теке табып, Буудайчы, Булгатай, Саидбурхан. Бир тууган акеси Эргеш, үкөсү Өмүрзак болгон. Кыздардан жок экен. Биринчи аялы Хавахан Ахуновага 1924-жылы үйлөнгөн. Ал энебиз Фергана облусунун Кува районунан экен. Экинчи жолу айылдашы Адалат апага 1933-жылы үйлөнөт. Биз аксакалдын небереси Жылдызкан апаны Бишкектин “Аламүдүн” базарынын колтугундагы Ялта көчөсүндөгү 100-үйдөн таап, баарлашуу бактысына туш болдук.
-- Урматтуу Жылдызкан Өзгөрүшовна! Чоң атаңыз, анын урпактары тууралуу айтып берсеңиз?
-- Макул. Абдыкадыр Орозбеков атамдын өмүрү революциялык күрөш, совет бийлигин орнотуу менен өткөнүн сыймыктануу менен айта алам. Ал курдаштары, тилектештери менен бүгүнкү Кыргызстандын пайдубалын түптөшкөн. Эл аны “аксакал” деп зор урмат-сый менен атаган. Чоң атам 1937-жылы Фрунзе шаарындагы азыркы тарых музейинин ордундагы Карл Маркс көчөсүндөгү 57-үйдө жашап турганда эч кандай негизи жок, жалган-жалаа, ушак-айыңдын кесепетинен кармалганда, үйүндө аялы Адалат апа, 12 жаштагы кызы Эркингүл, 8 жаштагы уулу Өзгөрүш, ал менин атам жана Адалат ападан кенже уулу Кимель болгон экен.
Булардан Эркингүл эжем узак жылдар бою Ош шаарында соода тармагында иштеп, Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган. 1997-жылы 7-февралда кайтыш болгон. Андан перзент жок эле. Менин атам Өзгөрүш репрессиядан соң аябай кыйналып, жумушчулук кесипте эмгектенип жүрүп, 2015-жылы 87 жашында ааламдан өттү. Анын эки кызы бар. Мен жана Айгүл сиңдим. Кимель абам “эл душманынын уулу” деген сөздөн коркуп, аларга жардам көрсөткөн, чоң атамдын катчысы, кичи аялы Адалат апанын кийинки күйөөсү Азиз Токтобаевдин фамилиясына өткөн экен. Анын Эльвира деген кызы жана Асан, Үсөн аттуу уулдары бар. Менин Чыңгыз деген уулум, андан төрт неберем бар. Сиңдим Айгүлдүн эки уулу бар. 2010-жылы Курманбек Бакиев берген үч бөмөлүү батирде күн кечирип келе жатабыз.
-- Аксакал бейкүнөө кыйналып өлтүрүлгөндөн кийин акыры “ак ийилет, бирок сынбайт” дегендей, 1956-жылы 10-апрелде акталганы маалым. Бирок бир маселе баарыбыздын жүрөгүбүздү өйүп келет, документтерде Абдыкадыр Орозбеков 49 жашында жүрөк миокарды, өпкө кургак учугу, безгек жана рак ооруларынын залакасынан түрмөдө каза болгону жазылган. Ошентсе да аксакалдын сөөгү ушул кезге чейин кайда коюлганы белгисиз болуп жатпайбы...
--Туура айтасыз. Сөөгү кайда жатканы белгисиз. Биз Абдыкадыр Орозбековдун урпактары, аны сыйлап урматтагандар кайда барып куран түшүрөрдү биле албай, бук болуп келебиз. “Ата-Бейитте” да, “Ала-Арча” көрүстөнүндө да ысымы жазылып калбаптыр. Бирок чоң атабыздын эмгеги, каармандыгы тарых барактарына алтын тамгалар менен жазылып калган. Мемориалдык музейи өзүнүн кичи мекени, азыркы Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков атындагы айылында гимназия-мектептин жанында түзүлгөн. Анын ысымы бир топ орто мектептерге, облустун, ордо калаабыз Бишкектин көчөлөрүнө, илгери бир совхозго коюлуп 100, 120, 125 жылдык юбилейлери өткөрүлүп, эскерүү кечелери, конференциялар белгиленип, китептер чыгарылып келди. Эстелиги көп жерлерде орнотулган. Тилекке каршы, чоң атам өзү урунган буюмдар өтө аз сакталыптыр. Мен жетимиш жаштын кырынан ашып калдым. Өмүр бою чоң атамдын сөөгү коюлган жерди издеп келем...
-- Кечиресиз эже, Абдыкадыр Орозбеков тууралуу бир кезде анын катчысы болуп иштеген жазуучу Айткулу Убукеев “Аксакал” повестин жазып жарыялаган эле. Анын өзү жашаган үйү барбы айылда?
--Биз кичинекей кезибизде чоң атамдын апалаш иниси Өмүрзак Орозбековдун аялы, балдары жана келиндери аксакал акталган соң баарыбызды айылга алып барып сай боюндагы эски тамда, жыгач дарбазанын жанында сөрүдө карап, алма бактарын көрсөтүп, туугандарды тааныштырып, абдан жакшы жардам беришкен. Кийинчерээк аксакал чоңойгон жерди негедир бөлөк бир кишиге сатып ийишиптир. Бул абдан өкүнүчтүү. Өзү чоң атабыз байлыкка, дүнүйөгө умтулбаган, совет бийлигин орнотууну гана ойлогон, мээримдүү, кайрымдуу, боорукер, карапайым инсан болгон экен.
-- Кандай азаптарды тартканыңыздарды сезип турам. Кийинчерээк кантип жашадыңыздар?
-- Биз орус мектептен окуп, жакшы билим алганбыз. Мен Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин 1976-жылы аяктап, бир топ жамааттарда иштедим. “Кыргыз ССРинин кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин отличнигимин”. Азыр ардактуу эс алуудамын. Сиңдим Айгүл “Кыргызалтын” компаниясында техникалык кызматкер. Бир топ сыйлыктардын ээси. Биздин уулдарыбыз жакшы билим алышып, чоң аталары түптөп кеткен мамлекетибизде таза иштеп, элге кызмат көрсөтүшүүдө.
Ушул жерге залкар аксакалыбыздын тушунда, аябай оор жана татаал мезгилде кандай жумуштар бүткөрүлгөнүн жаштар үчүн белгилеп коюуну туура таптым. Абдыкадыр Орозбеков Кыргызстанды жетектеп турган 1924-1937-жылдарда борборубузда кыргыз жана орус драма театрлары, мамлекеттик филармония уюштурулган. Тоолуу республикабызда булгаары, пахтаны кайра иштетүүчү, жибек, нооту, жыгачты иштетүүчү завод-фабрикалары ачылган. Эгерде 1927-жылы 2873 жеке чарба колхоздорго биригишсе, бул көрсөткүч эки жылда гана 781 колхозго жеткен. Кыргыздардын бешинчи съездине баяндамасында мындай жагымдуу маалыматтарды келтириптир: “Ондогон өнөр жай ишканалары курулду. Өндүрүш 7 пайызга, дандын түшүмү 4 пайызга, ал эми пахтаныкы 4 эсеге көбөйгөн. Калктын сабаттуулугу 68 пайызга чыкты. Жалпы унаалардын саны 1000ден ашты. 1932-жылы педагогикалык институт, 1933-жылы зооветеринардык институт, кийинчерээк медициналык институттар ачылган. Башкаруусунун акырында республикабызда 6 жогорку окуу жайында 3043 студент, 33 техникумда 5960 окуучу билим ала баштаган. 1926-жылы Кыргызстандагы калктын сабаттуулугу 15,1 пайызды түзсө, бул көрсөткүч 82 пайызга көтөрүлгөн.
Аксакал кыргыз альфавитин негиздөө боюнча борбордук комиссияны жетектеп турган. Ошондой эле Конституциянын кабыл алынышына жекече чоң салымын кошкон. Абдыкадыр Орозбековдун мамлекет алдындагы залкар эмгеги эске алынып, 1924-жылы Түркстан Республикасынын “Алтын белгиси”, 1932-жылы 3-майда республиканы өнүктүрүүдөгү жетишкендиктери үчүн Эмгек Кызыл Туу ордени, мотоциклет, согуштук курал жана башка баалуу белектер менен сыйланган. Чоң атабыздын ишмердигин Ош мамлекеттик университетинен Гүлжамал Бекмурзаева тыкыр иликтеп, тарых илимдеринин кандидаттык диссертациясын жактаган. Аксакалдын айрым тарыхый элестери, сүйлөгөн сөздөрү басма сөздө, кинопленкаларда, фотодокументтерде сакталып турат. Мунун баары биздин унутулгус тарыхыбыз деп ойлойм.
Президентибиз Садыр Жапаровдун Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын салтанаттуу белгилөө боюнча демилгеси ар тараптан колдоого арзыйт. Анткени бүгүн интернет менен уюлдук телефонго берилген жаштар элибиздин тарыхын, тилин, адабиятын, каада-салтын, нарк-насилин билүүгө тийиш.
Бөлүшүү:

Адылжан Жажанов, журналист
"Азия Ньюс" гезити
"Азия Ньюс" гезити