Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 10 адам каза болду, ооругандар да, каза болгондор да статистикадан көптүгү айтылууда

10 адам каза болду, ооругандар да, каза болгондор да статистикадан көптүгү айтылууда

03-август, 11:52
2 285 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 3-августтагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан дагы 10 адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2354 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 797 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (445) жана Чүй облусунда (123).

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 165 миң 540 адамга жетти. Бир күндө 1794 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3493 адам жатат, дагы 9174 бейтап үйдөн дарыланууда.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер