Россия менен АКШ өзөктүк согушка өтсө 5 млрд.
Россия менен АКШнын ортосунда толук масштабдуу өзөктүк согуш чыгып кетсе беш миллиарддан ашык адам өлүшү мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын Нью-Жерси штатындагы Ратгерс университетинин окумуштуулары дүйшөмбү күнү жарыяланган изилдөөсүндө ушундай жыйынтыкка келишкенин РИА новости жазды.
"Биз АКШ менен Россиянын ортосундагы өзөктүк согуштун натыйжасында 5 миллиарддан ашык адам өлүшү мүмкүн деп эсептейбиз. АКШ жана анын союздаштарынын Россия менен согушу дүйнөдөгү өзөктүк арсеналдын 90 пайыздан ашыгын колдонууга алып келиши мүмкүн. Мунун натыйжасында атмосферага 150 тераграммдан ашык (165 миллион тоннадан ашык) көө чыгып, планетаны каптап калат", — деп айтылат маалыматта.
Андай болгон учурда 360 миллион адам түздөн-түз өзөктүк снаряддын жарылуусунан каза таап, ал эми 5 миллиарддан ашык адам кырсыктан кийинки ачарчылыктын курмандыгы болору айтылат. Тирүү калган адамдар зарыл болгон минималдуу тамак-аш менен камсыз кылынат, бирок эл аралык соода токтойт.
"Өзөктүк согуш болгон учурда шаарларга жана өнөр жай аймактарына багытталган бомбалар өрт чыгарат. Жердин климаты ондогон жылдарга чейин бузулуп, жер үстүндөгү жана океандардагы тамак-аш өндүрүшүнүн системасына кесепетин тийгизет", — деген бүтүмгө келишти авторлор.