Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Профессор Үкүбаева Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин аброюн кетирүүдө

Профессор Үкүбаева Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин аброюн кетирүүдө

19-апрель, 09:00
774 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Лайли Үкүбаева тууралуу биздин жаза турган оюбуз деле жок болчу, өзү жооп талап кылып жатат. Буга чейин анын интервьюсун, макаласын оңдоп-түзөп, гезитке жарыялап, жаманын жашырып, жакшысын чыгарып келгенбиз. Акыркы макаласы көлөмдүү экен. Оппоненти “Марат Орозоновдун макаласынын көлөмү кандай болсо, ошончо орун берели, кыскартып бериңиз” деп айтсак, ага макул болгон жок. Эми каратып туруп эле күнөөнү бизге оодарып жатат. Редакцияга Үкүбаеванын макаласынын кыскартылган варианты келген эмес. Ошол себептен жарыялаган жокпуз.

Жылан чакпай, жылкы теппей туруп эле бизге куру доомат койгон алакандай катында орфографиялык, пунктуациялык, стилистикалык каталар сайдын ташындай жайнайт. Сөзүбүз куру болбос үчүн текстин сүрөтүн бердик. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессорунун сабаты ушундай болсо, анда аман эле болсун! Ушундай деңгээли менен студенттерге кантип билим берип, аспиранттарды кантип даярдап, кантип илим жазып жүрөт? Ашмалтайы чыккан кербезиби?..

 Анан да биз оппоненти болбосок, наамын талашпасак, редакцияга карата мындай орой тон менен кекетип-мокотуп жазганга эч кандай негиз жок болчу. “Урунарга тоо таппай, урушарга жоо таппай”, чыр-чатак менен жүргөн Лайли Үкүбаевага буга чейин кармашып, кайым айтышып келген оппоненттери Жылдыз Бакашова, Абдылда Мусаев, Ардак Ормонбекова, Папан Дүйшөнбаев, Марат Орозонов, илимдер академиясы аздык кылып жаткан окшойт. Болбосо, бизге сүйкөнүп, матап, док арткыдай эч нерсе жасаган жокпуз. Өз аброюна жараша сый мамиледе болсо жакшы болмок. Жашы деле жаштарга үлгү боло тургандай нарк-салабат күтө турган мезгилине келди. Бирок эжебиз удургуган, каны кызуу жаш кыздардай эле жүрүштөрдү жасап, шакирттери, аспиранттары менен Фейсбук, Инстаграм, Ютуб сыяктуу соцжелелерди ызылдатып, кутулбас куяга калган шордуу оппоненттеринин сазайын колуна берип, редакциялардын эшигин жыртып, улам бир макаласын чыгарып, бийликке арыз жазып, тынчы кетип эле калды. Эми арты эмне менен бүтөр экен? Күтө туралы...



“Азия Ньюс” – пресс 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер