Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мурдагы күйөөм сөз айтып, “эч кимге билинбей жүрүүнү” сунуш кылууда

Мурдагы күйөөм сөз айтып, “эч кимге билинбей жүрүүнү” сунуш кылууда

19-июнь, 22:46
811 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жашым 30да, бир балам бар, ал 9 жашка толду. Күйөөм менен ажырашканыма 8 жыл болду. Ошондон бери күйөөгө тийбей калдым. Сезимди козгогон, ойдогудай күйөө чыккан жок. Мага жакканга мен жакпай калам, айтор, турмуш курбай, жашым дагы өтүп баратат. Жалгыздыктан ушунчалык тажадым. Мен да күйөөгө тийип, дагы төрөп, бактылуу болгум келет. Бала жытын сагындым. Балам да айтат. “Апа, сиз эмнеге төрөбөйсүз? Төрөңүз” деп калат. Балама аябай боорум ооруйт. Баламдын атасын мен төрөгөнчө эле апасы башкага үйлөндүрүп салган. Азыр ошол аялы менен жашайт. Үч баласы бар. Учурда мага чалып, жазып турат. “Эмнеге күйөөгө тийбейсиң?” деп сурай берет. Анан дагы азгырат. “Мен сени сүйөм, унута албайм. Экөөбүз эч кимге билдирбей жүрө берели, никебиз болгон да” дейт. Эми кандай кадамга барсам, кеңеш айтыңыздарчы?


Гулиза  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер